Математиканы окутууда методдорду тандоо

Кыргыз  Республикасынын Билим берγγ жана Илим Министрлиги.

КМУ  И. Арабаев атындагы  университети.

 

 

 

 

 

Тема: Математиканы  окутууда  методдорду  тандоо.

 

 

 

Аткарган: Жукушова Айнура Тажыбаевна

Текшерген: Тѳрѳгелдиева Канышай.

 

 

 

Бишкек  – 2011. 

План.

    1. Киришγγ.
    2. Математика  сабагын  окутууда  методдорду  тандоо.
    1. Математиканы  окутуунун методдорун  классификациялоо.
    1. Сγйлѳѳ  методдору.
    2. Кѳрсѳтмѳлγγлγк  методдору.
    3. Илимий  методдор.
    4. Ѳз алдынча иштерди уюштуруу методдору.
    5. Проблемалык методу.
    1. Билим берγγнγн инновациялык  технологиялары.
    1. Стратегиялык пландаштыруу.
    1. Инсерт  технологиясы.
    2. Класстер   технологиясы.
    3. Кейс  технологиясы.
    4. Зигзаг  стратегиясы.

 

 

Киришγγ.

Азыркы  учурдагы  билим берγγнγ ѳркγндѳтγγнγн  концепциясына  ылайык, окуу предметтерин  анын ичинен  математиканы  жогорку илимий  денгээлде окутуунун негизинде окуучулардын  билимдери, билгичтиктери жана кѳндγмдѳрγнγн  сапаттары  жогорулоо менен  ѳз алдынча эмгектенγγгѳ γйрѳнγшѳт, окуп  таанып-билγγ  кызыкчылыгы жогорулайт.Ошондой эле  математиканын стандарттык мазмунун  камтыган окутуунун  психологиясын  жакшыртуу  жана  анын  негизинде  окутуу  процессиндеги мγчγлγштγктѳрдγ талдап, аларды жоюунун ыкмаларын, жолдорун кѳрсѳтγγ  зор мааниге ээ. Ошол себептен  окутуунун актуалдуу  проблемаларын  психология-педагогикалык  талаптарга ылайык негиздѳѳнγн, окутуунун жакшыртылган инновациялык ыкмаларын  иш жузундо  кенири колдонуунун зарылчылыгы  келип чыгууда.

Окутуу  процессинде  тγшγнγнктѳрдγ окуучулардын реалдуу  мγмкγнчγлγгγнѳ ылайык калыптандыруу, алардын  ѳз алдынчалыгын ѳстγрγγ жана  билимдерин  системалуу денгээлдеп текшерγγнγ жогорку даражада уюштуруу  бγгγнкγ кγндγн талабына жооп бергендик болот.

 Орто  мектепте  математика  сабагын талапка ылайык  берγγ,  азыркы  мезгилде  Кыргыз  Республикасынын билим  берγγ  тармагында  орчундуу  маселелерден  болуп саналат.  Математика  сабагын талапка ылайык  берγγнγн  негизги  факторлорунун  бири  болуп, орто  мектептин   окуучуларын  математикага  кызыктыруу  болуп  саналат.  Мына  ошондуктан  математика  сабагынан берген  мугалимдер   окуучуларды математика  сабагына  кызыктыруу  γчγн  ар  кандай  ыкмаларды  колдонуусу  зарыл.

 

 

 

 

 

 

 

 

2.Математика сабагында окутуунун методдорун тандоо.

 

2.1 Математиканы   окутуунун  методдорун классификациялоо.

 

Метод-бул  аныкталган максатты ишке ашыруудагы аркеттердин ыкмасы. «Метод»  латын  сѳзγнѳн  алынган, ал кандайдыр бир  максатка  багытталган  жол дегенди  тγшγндγрѳт.Окуучунун  окуу  чыгармачылыгы билим  алуу  же γйрѳнγγ  деп аталат. Ал эми мугалимдин   чыгармачыл аракети окутуу  деп аталат. Окуучу  менен мугалимдин чогуу  аракети билим берγγ болот.

Окутуунун методу деп, окутуу  процессинде  аныкталган  педагогикалык максат менен  окуучулардын  чыгармачылыгын, ой жγгγртγγсγн  ѳзгѳртγγгѳ,ѳнγктγрγγгѳ  багытталган мугалим жана  окуучунун иш-аракеттер системасы аталат.

Окутуунун  методдорунун проблемасы  «Кандайча  окутуу керек»  деген  суроону  чечγγ болуп эсептелинет. Окуучуларды кандайча окутуу керек экендигин  чечγγ   γчγн  тѳмѳндѳгγлѳрду  тактоо зарыл.

  1. Окуучулар  берилген тγшγнγктѳн  кандай  билим, билгичтиктерди  жана кѳндγмдѳрдγ алыш керек.
  2. Бериле турган  тγшγнγктγн логико-дидактикалык  анализин  жγргγзγγ.
  3. Жаны  тγшγнγктγ  берγγдѳ окуучулар кандай ойлоо  иш-аракеттерин жасайт, кандай  билим жана  билгичтиктери, кѳндγмдѳрγ  бар.

Демек, окутуунун  методунун  моделинде  тѳмѳнкγлѳр кѳрсѳтγлγш керек.

1.Максатынын  коюулушу боюнча  мугалимдин  иш-аракеттери  жана колдонулуучу  каражаттар.

2.Окуучунун   иш-аракеттери.

3.Максатка жетуу учун  мугалим менен  окуучунун ортосундагы  байланыш.

4.Окутуунун   жыйынтыгы.

Окутуунун      максаттарынын, мазмундарынын  ар тγрдγγлγгγ  жана окуучулардын  жаш  ѳзгѳчѳлγгγ, билим  денгээлдери  ж.б.у.с.  ѳзгѳчѳлγктѳрдѳн методдордун ар тγрдγγлγгγ келип чыгат. Жогорудагылардын  негизинде  Ю.К.Бабанский методдорду  тѳмѳндѳгγдѳй  классификациялайт.

  1. Жаны  материалдарды  берγγнγн, аны кабыл алуунун жана  окуучулардын ѳз  алдынчалык методдору.
  2. Стимулдаштырып  окутуучу  методдор.
  3. Текшерγγ, лабораториялык-практикалык иштерди уюштуруу  жолу менен окутуу методдору.

И.Б.Бекбоев  тѳмѳндѳгγдѳй  классификациялоодо  ишмердγγлγктγн  жогорудагы  γч  компонентине  карата  методдорду  ири γч класска  болгон.

I. Окуучуларды окуу-таанып билγγчγлγк   ишмердγγлγктѳрγн  уюштуруп ишке ашыруу методдору.

II. Окуучулардын  окуу-таанып билγγчγлγк ишмердγγлγктѳрγн  мотивациялап  (ынтызар кылуу) стимулдаштыруу  методдору.

III. Окуучулардын окуу-таанып билγγчγлγк ишмердγγлγктѳрγн   текшерип жыйынтыктарын баалоо  методдору.

Андан кийин ар бир ири класстарды  ѳз алдынча группаларга бѳлгѳн.

Окутуунун методдору  ѳз ара  байланышта  пайдаланылып. Конкреттγγ  окуу шарттарында, ар кандай  окутуунун методдорун айкалыштырып  пайдалануу  мугалимдин  педагогикалык чыгармачылыгына   байланыштуу. Бир эле  сабакта  мугалим  бир нече  методдордун  ыкмаларын  пайдаланышы  мумкун. Сабакты   ѳтγγдѳ  методдорду тандоо  жана  аларды  туура айкалыштыруу  татаал   педагогикалык проблема.Бул  проблеманын чечилиши болуп  мугалимдин  методикалык  билиминин, билгичтигинин жана  педагогикалык  чыгармачылыгынын  болушу  абзел.

Математиканы  окутуудагы  дидактиканын  жалпы негизги  методдору  тѳмѳндѳгγлѳр.

1.Сγйлѳѳ  методдору.

2.Кѳрсѳтмѳлγγлγк  методдору.

3.Илимий  методдор.

4.Ѳз алдынча иштерди  уюштуруу  методдору.

5.Дифференцирленген   окутуу методу.

6.Программаланган  метод.

7.Проблемалык  метод.

8.Текшерγγ  методдору.

Бул методдордун ар бири  майда  методдорго бѳлγнѳт.

2.2 Сγйлѳѳ  методдору.

Сγйлѳѳ   методдорунда  мугалим материалды максатка  ылайык так, даана, тγшγнγктγγ  баяндап айтып берγγнγн  γлгγсγн  кѳрсѳтѳт, мында окуучулардын  сγйлѳѳ  речин  ѳнγктγрγγгѳ, математикалык терминдерди  так айтууга  γйрѳтγγгѳ шарт  тγзγлѳт.

Сγйлѳѳ методдорун  пайдаланууда  мугалим  тѳмѳндѳгγлѳрдγ эске алуусу  зарыл: сγйлѳѳ темпи окуучулардын  таанып-билγγ  ѳзгѳчѳлγктѳрγнѳ  жараша  болушу; теманын эн ѳзѳктγγ  жерлерин басым  жасап айтуу; суйлѳѳ  методдорун башка окутуунун методдору менен айкалыштырып  пайдалануу.

  1. Ангеме.
  2. Лекция.
  3. Ангемелешγγ, маектешγγ.
  4. Кѳрсѳтмѳ  берγγ (инструктаж).

Ангеме.Мында  мугалим берилген  тема боюнча ачык-айкын  эмоционалдуу  айтып берет. Тема тѳмѳнкγдѳй учурларга  бѳлγнѳт.

А) Теманын  максаттары  айтылат.

Б) Мазмуну.

В) Жыйынтыгы.

Негизги  дидактикалык  функциясы  тема боюнча  конкреттγγ  маалыматтар  берилет.

Лекция. Бул методдун  ѳзгѳчѳлγгγ, кѳлѳмдγγлγгγ, логикалуулугу, татаалдыгы. Дидактикалык  функциясы: Маалыматтарды, билимдерди  берγγ. Лекцияда  тескери байланыш  начар болот. Ошондуктан, окуучулардын ойлоосуна  убакыт берγγ  зарыл. Лекцияны  ѳтуунун максаты мектепте  окуу китебин жоктугу, берилγγчγ   тγшγнγктѳрдγн кѳптγгγ.

Ангемелешγγ, маектешγγ.Бул  методдун  ѳзгѳчѳлγгγ мугалим тарабынан багыт берγγчγ  суроолордун  системасынын  тγзγлγшγ. Ошол  суроолор боюнча  окуучу  менен мугалимдин  ортосунда  ангемелешγγ, маектешγγ  жγргγзγлѳт. Дидактикалык  максаты: Ой жγгγртγγнγн  негизинде  окуучулардын билим  алышы.

Ангемелешγγ   учурунда  проблемалык метод пайдаланылат. Мында окуучулар берилген  тема боюнча ѳздѳрγ  жыйынтык  чыгарышып, ачылыштарды ачышат. М: Функция темасын ѳтγγдѳ  бир суткадагы температуранын  таблицасы  боюнча  тѳмѳндѳгγдѳй  суроолорду  берсе болот. Бир суткадагы  температуранын таблицасын  карап эмнени  билсе болот? Жооптор  ар кандай  болушу мγмкγн: температура  жогорулады, тѳмѳндѳдγ   ж.б.у.с.

Инструктаж. Бул  методдун  ѳзгѳчγлγгγ кыскалыгы жана  алгоритм  формасында  берилиши. Окуучулардын иш аракеттерин жасоонун тартибин жана эрежесин γйрѳтγγ. Инструктаж кѳрсѳтмѳлγγ   ѳтγшγ  мγмкγн. Максаты  практикалык жана  лабораториялык иштерге  даярдоо. Тескери байланыш- ооз эки текшерγγ. Иштелген   окуу иштеринин натыйжалуулугу.

 

2.3 Кѳрсѳтмѳлγγлγк  методдору.

Математиканы  окутуу  окуучулар  кабыл ала  турган  образдар менен берилет. Кѳрсѳтмѳлγγлγк  окуучулар  кабыл ала тургандай, аларды керектγγ негизги окуу материалын  ѳздѳштγрγγсγнѳн алаксытып жолтоо кылбай тургандай тγзγлγшγ  керек.

Эгерде  кандайдыр  бир  маселени  чыгаруу керек болсо, аны  ѳтѳ ачык боектор менен боеп, адамдардын же  ж.б.  ар кандай нерселердин сγрѳтγн тартып, кѳрсѳтмѳлγγлγк  даярдалса  анда,  окуучу  сγрѳттѳр кандай  тартылгандыгын, алардын  кандай ѳзгѳчѳлγгγ бар экендигин кароо менен маселенин  негизги  максатына  кѳнγл бурбай калат. Кѳрсѳтмѳлγγлγк  методдору  иллюстрациялоо демонстрациялоо болуп экиге бѳлγнѳт.

Иллюстрация.Математика  сабагында  бериле турган информацияларды  сγрѳт,  таблица, схема  тγрγндѳ  сγрѳттѳп кѳрсѳтγγ. Сγрѳттѳп кѳрсѳтγγ  сγйлѳѳ методунун жардамы менен  иш жγзγнѳ  ашырылат.

Демонстрация. Мугалим  математикалык жаны  тγшγнγктγн келип чыгышын  окуучуларга   демонстрациялап кѳрсѳтѳт. Демонстрация  тѳмѳндѳгγдѳй  3  булактын  негизинде  жγргγзγлѳт.

 

  1. Сѳз.
  2. Байкоо.
  3. Иш чыгармачылыгы.

Кѳрсѳтмѳлγγлγктγн  негизги каражаттары  болуп  таблица, басма  дептерлер, магниттик доска, геометриялык  фигуралардын  моделдери, эсептѳѳ  каражаттары, проектор, ар кандай  техникалык каражаттар.

 

2.4 Илимий  методдор.

Математикалык  изилдѳѳлѳрдγн  негизги методдору  болуп: эмприкалык методдор; анализ жана синтез; салыштыруу жана  аналогия;  жалпылоо, абстракциялоо  жана  конкреттештирγγ; индукция жана дедукция.

Эмприкалык  методдор. Эмприкалык методдор байкоо, ченѳѳ жана тажрыйбалардан турат. Математиканы  окутууда  эмприклык  методдорду пайдалануу  атайын  окуу ситуацияларын тγзγγ  аркылуу иш жγзγнѳ ашырылат. Мында окучулар  ѳз алдынча далилдѳлѳрдγ, матеатикалык  закон ченемдγγлγктѳрдγ  жаны ачылыш катарында табышат. Ошондуктан байкоо, ченѳѳ жана  тажрыйба  жаны ачылыштарга  алып келγγчγ окутуунун эвристикалык  методдоруна да кирет. Байкоо жγргγзγлгѳндѳн кийин, ой-жγгγртγγнγн  тууралыгын текшерγγ  γчγн  ченѳѳ  жана  тажрыйба жγргγзγлѳт.

Анализ  жана синтез. Илимий  изилдѳѳнγн  методунун логикалык жолдору – анализ жана синтез математикалык изилдѳѳлѳрдѳ  ѳзгѳчѳ чон роль  ээлейт. Ошондой математиканы  окутуунун  ар кандай формаларында  алардын мааниси ѳтѳ чон: Маселелерди  чыгаруу методу катары, теоремаларды  далилдѳѳлѳрдѳ, математикалык  тγшγнγктѳрдγн касиеттерин окуп  γйрѳнγγдѳ  ж.б. Анализ жана синтез  бири-бири  менен тыгыз байланышта, алар  жалпы аналитикалык- синтетикалык методду  тγзγп, бири-бирин толуктайт. М: анализдин  жардамы менен  татаал  маселелер  жѳнѳкѳй  маселелерге  бѳлγнсѳ, синтездин  жардамы менен  бул жѳнѳкѳй маселелердин  чыгарылыштарын бир бγтγнгѳ  бириктирγγгѳ  болт.

Анализ менен синтезге  мисалдардан  болуп, тексттик  маселелерди  чыгарууда  арифметикалык  жана  алгебралык методдор эсептелинет. Алардын биринчиси  синтезди, ал эми экинчиси  анализди тγшγндγрѳт.

М: Алмаз менен  Илгиздин  экоонун  жаштарын  кошкондо  15 болот. Илгиз 6  жашта болсо Алмаз канча жашта?

  1. 15 – 6 = 9 – чыгарылыш синтезге  негизделген.
  2. Х + 6 = 15; х= 9 – чыгарылыш  анализге  негизделген.

Теоремаларды  далилдоодо  аналиттикалык  жана  синтетикалык  методдордун колдонушун  карайбыз.

М-2: Уч  бурчтуктардын  ички  бурчтарынын суммасы 2d  экендигин далилдегиле.

Каалагандай  АВС  уч  бурчтугу  берилсин.

  


 

 

  1. Аналитикалык  жол менен  далилдениши.

2d – жайлганбурчтунчондугу, далилдоодокаалаганучбурчтуктуничкибурчужайылганбурчтажатаарынкорсотуужетиштууболот.

  1. (DK) | | [AB]  болотургандайСчекитиаркылууотуучужайылганбурчтутузобуз, мында< 5 + < 4 + < 2 = 2d.
  2. < 2  жайылган  бурчта  жатат.
  3. (DK) | | [AB]    ны  АС  кесуучу менен кескендеги  ички  кайчылаш  бурчтар болгондуктан   < 5 = < 1;
  4. (DK) | | [AB]    ны ВС  кесуучу менен кескендеги  ички  кайчылаш  бурчтар болгондуктан   < 4 = < 3;
  5. Барабар бурчтарды алмаштырсак, < 1 + < 2 +< 3= 2d болот.  (теорема далилденди).
  6. Синтетикалык  жол менен далилдоо  ыкмасы.
  7. (DK) | | [AB]   
  8. (DK) | | [AB] ны ВС  кесуучу  менен  кескендеги ички кайчылаш  бурчтар  болгондуктан  < 4 = < 3;
  9. (DK) | | [AB]    ны  АС  кесуучу менен кескендеги ички  кайчылаш  бурчтар болгондуктан   < 5 = < 1;
  10. < 5 + < 4 + < 2 = 2d – жайылган  бурч;
  11. (2) жана (3) тун негизинде   < 1 + < 2 + < 3 = 2d   болот. ( теорема далилденди).

 

Салыштыруу   жана  аналогия.Салыштыруу  жанааналогия ой-жугуртуунун  логикалык  жолдору  илим  изилдоо, ошондой  эле окутууда  кенири колдонулат. Салыштыруунун жардамы менен салыштырылуучу  объектилерди  жалпы  жана  жекече  касиеттери  аныкталат. Качан  гана бир  тектуу  чондуктардын  устунон  жана  маанилуу  белгилерин салыштырууда   эн туура  жыйынтыктар  алынат.

Салыштыруу  методун колдонууда  салыштыруунун  томондогу  принциптерин эске  алуу  зарыл.

  1. Бири – бири менен  байланышы  бар гана  объектилерди  гана  салыштырууга  болот, б.а. салыштыруу мааниге  ээ болуш керек.
  2. Салыштыруу  такталган  план  менен жургузулуш  керек.
  3. Математикалык объектилерди  ошол  эле бир касиети менен салыштыруу  аягына  чейин жеткирилип, толук болуусу  керек.

Мисалы: Параллелограмм  менен  трапецияны  салыштыргыла.

Жалпы  касиеттери:

- экоо  тен  торт  бурчтуктар.

- экоо  тен   параллель  жактарга ээ.

Айырмачылыктары: Параллелограммда  карама-каршы  жактары эки-экиден  параллель, ал эми трапецияда бир гана карама- каршы жактары параллель.

Аналогия  боюнча талкуулоо  томондогу  жалпы схема  боюнча жургузулот:  А,  а,  b,  c  касиеттерине  ээ;

B,   a,   b    касиеттерине  ээ;

Жыйынтык:  В, с касиетине  ээ  болушу  мумкун.

Аналогиянын  жыйынтыгы ыктымалдуу  болушу  мумкун, бирок  так эмес. Анын жыйынтыктары  илимий  гипотезанын  булактары  болот. Аналогия  грек  созунон  алынган  созмо-соз  которгондо «туура келуучулук», «окшоштук»  дегенди  тушундурот. Аналогия томондогудой турлорго болунот.

  1. Жѳнѳкѳй  аналогия. Мында кээ бир белгилеринин, касиеттеринин бирдейлигине  карата  объектилердин окшоштугу жонундо жыйынтыктар чыгарылат.
  2. Таралган  аналогия. Мында объектилердин окшоштугунун шарттары аныкталат жана  жыйынтык  чыгарылат.

Индукция  жана  дедукция: Кандайдыр бир объектинин  же   тушунуктордун катыштардын жалпы касиетин  ой – жугуртуу менен болуп корсотуунун жалпылоо  формасы индукция  деп аталат.

Индукция  бул  жеке  учурлардан  жалпы кортундуга  отуу методу. Бир нече  жеке, же айрым тушунуктордон  жалпы бир  тушунукко  келуучу ой  кортундусу индуктивдуу кортунду  деп  аталат. Индуктивдуу кортунду  негизинен  байкоо  жана  тажрыйба  жолу менен  жасалат. Математиканы окутууда  индукция  методун  негизинен  бардык  жерде  колдонсо болот. Мисалы: уч бурчтуктун  ички бурчтарынын  суммасы  жана  болумдору  бирдей болгон даражанын  касиеттерин далилдоодо  айрым  учурлардан  жалпы бир учурга  келуу.

С2∙с3=с5,  с4∙с3=с7,  са∙св=са+в

Дедуктивдик  жана индуктивдик  методдор  ар кандай  математикалык изилдоолордун негизинде  жатат. Дедуктивдуу метод  индуктивдуу методго  карама – каршы метод. Дедуктивдик  метод – бул жалпыдан жекеге  карата талкуулоо. Мисалы  берилген фигура  тик бурчтук, ар  тик бурчтуктун  диоганалдары  барабар, деген  берилеген  тик бурчтуктун  диоганалдары  барабар.

 

    1. Ѳз алдынча  иштерди  уюштуруу  методдору.

Окуучулардын  активдуулугун  онуктуруудо  алардын  оз алдынча  иштерин  уюштуруу методдорун пайдалануу максатка ылайык. Мугалим  материалды  канчалык жашы тушундурбосун, кандай  гана  методдорду  колдонбосун, окуучу  отулуп жаткан  материалды  оз алдынча  ойлонуп, талдап жыйынтык  чыгарбаса, анын билиминин  бекем  болушу жонундо соз болушу  мумкун эмес. Окуучу  озунун  алган билимин  окуу практикасында  жана ар турдуу керектуу учурда  колдоно  алса  берилген материал боюнча  билими бар деп айта  албыз.Оз алдынча  иштерди  уюштуруу методдорунун  томондогудой турлору бар.

  1. Китеп менен иштоо.
  2. Математикалык  диктант.
  3. Лабораториялык- практикалык жумутар.
  4. Математикалык  изложение.
  5. Маселелерди  жана  мисалдарды  оз алдынча чыгаруу.

Окуу  китеби  менен иштѳѳ.Математикалык китептер  тексттердин  так берилиши, тилинин  ботончолугу, формулаларынын  жана  чиймелеринин  коптугу менен  башка окуу китептеринен айырмаланат. Мына ошондуктан  матемтикалык  китептер менен иштоо  методун  1- класстан баштап, 11- класска  чейин системалуу  жургузуу керек. Мында окуучулар  мугалимдин тапшырмасы боюнча сабакта атайын  болунуп берилген  убакыттын ичинде  же  уйундо  окуу китеби менен мурда отулгон материалды кайталашат, кайталанган материалдын негизинде теориялык жаны маалыматтар отулот же мисалдар, маселелер чыгарылат. Окуу китеби менен иштоо окуучулардын ой –жугуртуусун остурот жана билимди китептен окуп уйронуу  ыкмасына ээ. Китеп менен иштоодо  окуучулар  материалды  механикалык эстеп калуусу да мумкун.Оздоштурууго  берилген  материалды  мазмуну  боюнча  томондогудой болукторго болуп кароо сунушталат.

  1. Жаны тушунукторду  жазуу.
  2. Жаны тушунуктордун  отулгон  тушунуктор  менен байланышын  кароо.
  3. Отулуп  жаткан темада  эмне негизги  экендигин тактоо.
  4. Жазылышына  жана  мисалдардын  чыгарылышына  конул  буруу.

Мугалим  оз алдынча  иштоого  убакыт берет, материал канчалык денгээлде оздоштурулгондугун,  мугалим окуучулар менен  ангемелешуу  жургузуудо  аныктай алат.

Математикалык  диктант.Математикалык  диктант бул  мугалимдин  окуп беруусу   астында  окуучулардын  дептерлерине  жазып аткаруучу  оз алдынча иш. Диктант  жазууда  окуучулар  уккандарын  тиешелуу сандык  формулалар  жана  туюнтмалар  турундо  жазышат, анча татаал эмес  маселе-мисалдарды  чыгарышат  ж.б.у.с. Стандарттуу  эмес  тапшырмаларды  беруу  жана  аларды  аткаруунун  абактысын  чектоо менен  диктант  откоруудо  окуучулар  максатка  умтулуучулукка, сарамжалдуулукка жана  убакытты  баалоо сапаттарына  тарбияланышат.

7- класста алгебранын  алгачкы  сабактарында  окуучуларга   ар кандай  создорду  алгебрада   тиешелуу синволдор менен  жазыла  тургандыгы  айтылгандан кийин  томондогудой  диктантты  жаздырса  болот.

  1. а  жана  в  эки кошулуучулардын  ордун алмаштыруудан  сумма озгорбойт.
  2. а  санынан  6 ны  кемиткенде  эн  кичине  жонокой  сан келип чыкты.
  3. а  жана  в  эки кобойтуучулорун  ордун  алмаштыруудан кобойтунду  озгорулбойт.
  4. Жагы  а  болгон  квадраттын  периметри  в  га  барбар.

Лабораториялык  – практикалык  жумуштар. Мында окуучулар   даяр  же  оздору  даярдаган моделдер, чиймелер,  графиктер менен иштешет, керектуу  малыматтарды  тузуулорду  жана  ченоолорду  жургузуу  жолу  менен  алышат. Тапшырмаларды  аткарууда  анын  темасын  жабдууларын  жана  ишти аткаруу тартибин корсотуу менен жумуштун  максатын жазуу менен же  тушундуро алат.  Аткарылган  жумуштар  дароо текшерилип, жыйынтыгы  окуучулар менен талкууланат. Лабораториялык – практикалык  жумуштарды  жасоодо  окуучулар тактыкка жана  иилимге кызыгуу менен изденуучулук сапаттарына  тарбияланышат.

Математикалык  изложение. Теориялык материалдардын оздоштурулушун  текшеруу  максатында  математикалык изложение  откоруу пайдалуу. Натыйжада  тескери  байланыш  чындалат, мугалим ар бир окуучунун  ойлонуу  стилин, анын  жондомдуулугун  толуктап биле  алат жана ошого жараша  окуучулардын окуу  иштерин  уюштура  алат. Изложение жазууда окуучулардын ой – жугуртуусу осот. Мугалим окуучуларга  кандайдыр бир  суроо берет жана  окуучуларга  дептерлерине  ал суроого  байланыштуу жоопторду  жазуусу сунуш  кылнат. Изложение  жазылып буткондон  кийин  дептерлер  жыйналып алынып, текшерилет, бааланат жана анлизденет. Айрым жазылган изложениелер  окуучуларга  окулуп  берилет. Изложение  класста же  уйдо жазылышы  мумкун.

 

    1. Проблемалык  метод.

Мугалим  менен  окуучунун  иш- аркеттеринин  жогорку  ийгиликке  жете  тургандай уюштуруу  учун окутууда  проблемалык  методу пайдаланылат. Билим  беруу максаттары учун  проблемалык шарттарды тузуу аркылуу окутуу, проблемалык окутуу деп аталат.

Психологиялык  коз карашта  проблемалык  шарттар  бул коюлган  маселени  чечуудогу  талаш- тартыштар, келишпестиктерден пайда болгон  аныкталган кыйынчылык. Ал эми проблемалык шарттарды тузуучу маселелер, проблемалар деп аталат. Проблеманын белгилери томондогулор.

  1. Проблемалык  шарттын болушу  мумкун.
  2. Проблеманы  чечууго аныкталган кызыгуунун болушу  жана даярдыгы.
  3. Изденуунун  ар кандай  багыттарынын болушу жана анын бир маанилуу эмес  чечилиши мумкунчулугу.

Проблемалык окутуу  тѳмѳндѳгγ  этаптардан турат.

- Проблемалык шартты  тγзγγ,

- Проблеманы  чечγγ;

- Проблеманын   чечилишин  жыйынтыктоо.

Окутуунун  прблемалык  методдорун  колдонууда  илимий чындыктын  кандай келип  чыккандагы  тажрыйба жузундо  далилденет,окуучунун  билими бекем  болуу менен  ал ой- жугуртууго уйронот жана математикага кызыгуусу  артат. Турмуштагы  жана  ондуруштук практикадан келип чыгуучу  маселелерди  талкуулоо, проблемаларды коюунун кенири жайылтылган  ыкмаларынын  бири.

Мисалы:  Мугалим  окуучуларга  « Торт  бурчтуктардын  ички  бурчтарынын суммасын кандайча табуу керек?» деген проблема коюлат.

Окуучулар проблеманы  чечуунун жолдорун сунуш  кылышат. Мугалим  тарабынан  окуучуларга  торт  бурчтуктардын  моделдерин параллелограммдын, тик бирчтуктун, ромбдун, тик бурчтуу  жана  тен капталдуу  трапециянын  бурчтарынын  суммасын табуу  сунуш кылынат.

Келип чыккан маалыматтардын негизинде  каалагандай  торт  бурчтуктун  бурчтарынын суммасы 3600 ка барабар экендиги  жонундогу «жанылыкка» келишет. Андан кийин мугалим окуучулар менен бирдикте ырастоону далилдейт.

 

3.  Билим  берγγнγн инновациялык  технологиялары.

 

Мектепте  математиканы окутууда  билим беруу  процессии  коомдун  бардык талаптарына  жооп бере тургандай  уюштурулушу  зарыл.Коомдун келечеги  билим  менен байланышкандыктан,   азыркы коомдун талабы  боюнча  ар тараптан  билимдуу, логикалык  ой жугуртуусу  жогору, оз  адистигин так билген   кесиптик  билгичтикке ээ  болгон  инсандар  керектелет.

Билим  берууну  орто  мектепте  модернизациялоонун  негизги  багыттарынын  бири  группаларда  окутуунун  инновациялык  технологияларын  уюштуруу  болуп  саналат. Башкача  айтканда  окуутуга  жаны  мамиле  тузуу. «Инновация»  деген  тушунук  латын  тилинен  алынган   «жаныдан  киргизилген»   деген  маанини  тушундурот. Инновациялык  процесси- бул  жаны  технологиянын жаралышы,  иштелип чыгылышы, колдонулушу   жана  жайылтылышы боюнча  болгон  комплекстуу  ишмердуулук.

Окутуудагы  инновация  ушул  мезгилге  чейин  колдонулуп  келген  ыкмаларды, маалыматтык  технологиянын  талабына  ылайык  жанылануу  жолу  менен  «таанып  билуу - тушуно билуу  - колдоно билуу»  концепциясынын  негизинде  иш  жургузууну  талап  кылат.



 

 


 

Жогорудагы  максатты  иш  жузуно  ашыруу  учун  ар  кандай  окутуунун  технологиялары  пайдаланууда: оюн, тренинг, маалымат- компьютердик, интеграцияланган, структуралык – логикалык, маектешуу  технологиялары, кейс, инсерт, кластер  ж.б.

Оюн  технологиясы – ар кандай  альтернативдик варианттарды тандоо  менен тушунукторду  калыптандыруучу дидактикалык  система.

Тренингдик  технология – булл  кандайдыр бир максатты  чечуу учун  жургузулгон иш- аракеттердин  системасы.

Маалымат- компьютердик технология – бул ар  кандай  уйротуучу программалардын жардамы менен компьютердик  окутуунун дидактикалык  схемасында   маектешуунун  иш  жузуно  ашырылышы.

 Интеграцияланган  технология – бул ар  бир класстын  денгээлинде откорулуучу  предметтердин  каралуучу  темаларынын, окуу  проблемаларынын  чогуу  чечилиши.

Структуралык  – логикалык  технология – бул окутуунун системасын  этап менен уюштуруу, мында дидактикалык  маселелердин чечуу окутуунун мазмуунун, формасын, методдорун  жана  каражаттарын  тандоо  менен иш  жургузулот. Ар бир этаптын жыйынтыгы талкууланат.

Критикалык ( сын коз караш менен)  ой- жугуртуу. Идеялар жана  маалыматтардын  оз ара аракеттенуусунун  ыкмалары  жана  жыйынтыгы

Рефлексия – озун-озу таануу  жана  баалоо.

Инсерт  технологиясы, эффективдуу окууга  жана ойлоого жардам  беруучу маалыматар жана  маркировкалар менен иштоо.

Кластер  технологиясы,  идеяларды графикалык  суроттолуш  менен чагылдырууну  уюуштуруу.

Кейс  технологиясы. Конкреттуу  окуу  ситуациясын пайдалануу  менен.

Бул технологиялар  интерактивдуу  окутуу  менен  тыгыз  байланышкан. «Интерактив» созу  англис создорунон  келип  чыккан(«inter-оз ара»«act-аракет  кылуу»). Октуучу  менен окуучунун  жана маалыматтардын  ортосундагы оз ара  аракеттешуу методу.

Интерактивдуу окутуу – бардыгынан  мурда, бул  октуучу  менен  окуучунун  ортосундагы  маектешуу, баарлашуу. Маектешуу педагогикалык  кызматташтыктын негизинде  жургузулот. Педагогикалык  кызматташтык  сабагын  уюштурууда  класста  ишмердуулук  атмосферасын уюштуруу зарыл. Окуучулардын  чыгармачылыгы  мугалимдин  корсотмосу  аркылуу  уюштурулат. Ар бир катышуучу мумкунчулугун  иш  жузуно  ашырууга шарт тузулушу  пландаштырылат. Окутуучу  мындай  сабактарда  уюштуруучу, кенешчи, жардамчы  гана  болот. Анын  маанилуу  орду  ошол  сабакка  керектуу  окуу  материалдарын  тандоо. Мында « таанып – билуу, тушуно-билуу, колдоно билу»  иш  жузуно  ашырылат. Сабак уюштуруу  жана  аны даярдоо процессинде, окуучу  жана окутуучу  ар бири  озунун  функциясын  аткаруусу зарыл. Сабакты уюштуруунун эн  негизги   туйуну  болуп анны  алдын ала стратегиялык  пландаштыруу  болуп саналат.

 

    1. Стратегиялык  пландаштыруу.

Стратегиялык  пландаштыруу – коюлган  пландын  ишке  ашуусун, ыктымалдуулугунун  жогору  болушу. Алдын ала  толук  стратегиялык пландаштырууга  окутууга  жана  окутуунун  мазмунуна  карата  жаны  мамиле  жасоого  багыт берет.

Окутуучунун  функциясы:  Сабакты   максаттуу  жана  багыттуу  ойлоо  жана  стратегиялык пландаштыруу. Окуу  процессинде  анализдоону  жана  каталарды  убагында  ондоо  жана  туура   багыт беру. Бул  максаттарды  иш  жузуно ашыруу  учун  стратегиялык   пландаштырууда  окутуучу  томондогудой  факторлорду  эске  алуусу  зарыл.

  1. Окуу предметин  окутуу  процессинде  окучуу  кандай  билим, билгичтиктерге  жана  кондумдорго  ээ болт? Билимдер  кандай удаалаштыктарда, терендиктерде жана эмнелер  менен  айкалыштыруу  аркылуу  берилет?
  2. Каралуучу  теманын   сырткы  курчаган  дуйно  менен   кандай байланышы бар? Кандай  турмуштук  элестетуулордон, фактылардан, кубулуштардан каралуучу  тушунуктор  пайда  болт?
  3. Каралуучу  проблема  кандай окуу  китептеринде, окуу- методикалык колдонмолордо  берилет  жана  башка  окуу  предметтерин  окутуу  менен  кандай байланышта?
  4. Сабак  кандай  технология  менен  берилет?
  5. Окуучу  кандай  окуйт, предметке карата  кандай  кызыгууну  туудурат? Озунун  алган  билимдерин Практикада  пайдаланабы?
Математиканы окутууда методдорду тандоо