Адабий тилдин лексикологиясы жана орду

План

Киришуу………………………………………………………………………..…3

Биринчи глава. Адабий тилдин лексикологиясы жана орду

    1. Лексикология жана фразеологияны илимий предмет катары окуп уйронунун мааниси………………………………………..……………..5

1.2. Соз-лексикалык бирдик…………………………………………………..15

Экинчи глава. Создун жасалышы. Анын системалык мунозу, соз жана нерсе……………………………………………………………………………...18

2.1 Соз жана тушунук………………………………………………………….21

Учунчу глава. Семасиология

3.1 Семасиология  жонундо жалпы тушунук……………………………….22

3.2.  СӨЗ ЖАНА  АНЫН МААНИЛБРИ…………………………………….24

Жыйынтыктоо………………………………………………………………….32

Колдонулган адабияттар……………………………………………………..33

 

 

 

 

 

 

 

 

КИРИШҮҮ

Кыргыз адабий тили — кыргыз элинин мамлекеттик жана маданий турмушун тейлөөгө жарактуу боло алган, жалпы элдик тилдин жазуу аркылуу калыпка салынган жогорку формасы.

Адабий тил деген түшүнүк  жана анын пайда болушу, негизинен, басма сөз менен тыгыз байланыштуу. Кыргыз адабий тили да октябрь революциясынан кийин кыргыз элинде басма сөздүн жаралышы менен бирге пайда болгон.

Адабий тил өзүнүн фонетикалык  системасы, грамматикалык түзүлүшү жана негизги сөздүк фондусу жагынан  жалпы элдик мүнөзгө ээлиги, элдин  баарына бирдей даражада түшүнүктүүлүгү, диалектилердин баарына таандык  болгон белгилерди өзүнө камтышы  боюнча жалпы элдик тилден, анын диалектилеринен айырмаланып турат.

Демек, кыргыз адабий тили жана жалпы элдик кыргыз тили деген  түшүнүктөрдү чаташтырбоо керек. Азыркы кыргыз адабий тили — жалпы элдик  тилдин эң жогорку формасы. Тагыраак айтканда, ал — өзүнүн сөздүк составы, сөздөрдүн мааниси жана алардын  колдонулушу, сүйлөө менен жазуусу, грамматикалык формалары, түзүлүшү жагынан жалпы элдик мүнөздө  кабыл алынган үлгүнүн негизинде  тартипке келтирилген, нормага салынган тил. Ал эми жалпы элдик кыргыз тили өзүнүн фонетикалык системасы, лексикалык тутуму, грамматикалык түзүлүшү боюнча бирдиктүү бир үлгүгө, нормага  салынбаган болот. Анда адабий тилдин нормаларынан сырткары, диалектилик, говордук ар түрдүү көрүнүштөрдүн да орун алышы  мүмкүн.

Бирок мындан жалпы элдик  тил, анын диалектилери менен адабий тилди  кескин карама-каршы коюп, аларды өз ара эч байланышы жок көрүнүштөр катары кароого болбойт. Тескерисинче, адабий тилдин алгачкы жаралышында жалпы элдик тил, анын диалектилери база катары пайдаланылат. Ошондой эле өзүнүн андан аркы өнүгүү, калыптануу процесстеринде жалпы элдик тилге, анын диалектилерине таянат, андан өзүнө керектүүлөрүн тынымсыз кабыл алып турат. Ал эми адабий тилибиздин сөздүк составынын байышында, биринчи кезекте, анын ички мүмкүнчүлүктөрү толук пайдаланылды, б.а. , мурдатан колдонулуп жүргөн сөздөр маанилик жактан кеңип, жаңы маанилерге ээ болду: 1. уңгу — бир нерсенин, кетмендин, күрөктүн түп жагы, негизги бөлүгү; 2. уңгу — сөздүн уңгусу (жаңы маани). 1. борбор — ордооюнунун ортосу; 2. борбор — административдик мекемелер жайгашкан элдүү пункт (жаңы маани) ж.б. Муну менен катар тилибизде мурунтан колдонулуп жүргөн уңгу сөздөрдү жана мүчөлөрдү пайдалануу аркылуу да жаңы сөздөр жасалды: уюм, ийрим, басма, котормо, чыгарма, кабарчы, окумуштуу. өндүрүш тармагы, эмгек өндүрүмдүүлүгүж.б.

Ал эми кыргыз адабий тилинин  сырткы мүмкүнчүлүктөр аркылуу байышына орус тили зор таасир тийгизди. Кыргыз адабий тилинин пайда болуу жана анын алгачкы өнүгүү этабында эле  орус тилинен жана ал аркылуу башка  тилдерден экономикага, илим менен  техникага, өнөр жай менен айыл чарбага, маданият менен адабиятка жана искусствого байланыштуу көптөгөн терминдер, жаңы сөздөр, түшүнүктөр кабыл алынды жана бүгүнкү күндө да кабыл алынууд.

 

 

 

 

 

 

Биринчи глава. Адабий тилдин лексикологиясы жана орду.

    1. Лексикология жана фразеологияны илимий предмет катары окуп уйронунун мааниси.

Лексикология жана фразеология  — бири-бири менен тыгыз байланышта болгон тил илиминин эки башка  салаасы. Алардын бир илимдин  тармактык бөлүктөрү катары өз-өзүнчө каралышы, баарыдан мурда, изилдөө, окуп-үйрөнүлүүчү  объектилеринин ар башкалыгы аркылуу  шартталат. Тагыраак айтканда, лексикологиянын  объектиси — сөз жана анын маанилери  болсо, фразеологиянын объектиси —туруктуу  сөз тизмектери.

Бирок бул эки объект көпчүлүк учурларда өзүлөрүнүн изилдениш  методдору, ыкмалары, аларда колдонулуучу илимий принциптер, айрым бир классификациялоодогу илимий критерийлери жагынан окшош, бири экинчисине тыгыз байланыштуу келет. Айталы, лексикологияда да. фразеологияда да сөздүн жана туруктуу сөз тизмектеринин мааниси, грамматикалык, структуралыкжана экспрессивдик-стилистикалык касиеттери, алардын колдонулуш өзгөчөлүктөрүкыргыз китептеринин электрондук китепканасы www.bizdin.kgкаралат. Демек, айрым бир проблемалар боюнча илимий анализ, синтез жасоодо бириндеги илимий корутундуга экинчиси таянбай койбойт. Ошондуктан лексикология менен фразеологиянын материалдарын мектептерден тартып, жогорку окуу жайларына чейин окуп-үйрөнүүдө бир курс катарыкаралат жана чогуу окулат.

Лексикология (гр. lexsis — «сөз»  жана loqos — «илим») сөз жөнүндөгү  илим деген маанини туюндурат. Ал сөз жөнүндөгү илим катары сөздү, анын маанилик түрлөрүн, алардын пайда  болуу, жасалуу, өнүгүү, өзгөрүү закон  ченемдүүлүктөрүн үйрөтөт.

Ошондой эле жалпы эле  лексикалык составды, анын катмарларын  жана

өнүгүү багыттарын белгилейт. Сөздүк составды лексика-семантикалык топторго ажыратат, лексикалык бирдиктердин бири-бири менен болгон өз ара байланыш-катышын  аныктайт, аларды колдонулуш өзгөчөлүктөрүнө  жана стилдик мүнөзүнө карата жиктерге бөлүштүрөт. Муну менен катар сөздөрдүн  кепте аткарган кызматтарын да иликтейт.

Белгилүү бир тилдеги  сөздүн бардык жыйындысы, бүтүндөй сөз  байлыгы ошол тилдин сөздүк составы  же лексикасы деп аталат. Бирок  бул термин бир тилдеги сөздөрдүн  жалпы жыйындысына карата гана эмес, айрым алынган жазуучулардын,чыгармалардын  сөздүк составына карата деле колдонула  берет. Мисалы, кыргыз тилинин лексикасы, казак тилинин лексикасы, «Манас»  эпосунун лексикасы, «Каныбек» романынын  лексикасы ж.б.

Лексикологиянын бирден-бир  жана негизги бирдиги — сөз, ошондуктан сөз  жөнүндөгү окуу лексикологиянын эң башкы милдети болуп саналат. Бирок сөздү,жалпы эле сөздүк составды иликтөө ар кандай багытта болору белгилүү. Тагыраак айтканда, сөздөр лексикологиянын семасиология, этимология, ономастика дегенсыяктуу тармактарында изилденет.

Семасиология (гр. Semasia —  «маани» жана logos — «илим») сөз  маанилерин, ал маанилердин түрлөрүн, алардын өнүгүү себептерин, закон  ченемдүүлүктөрүн изилдөөгө арналган лексикологиянын эң башкы. негизги  бир салаасы. Демек, семасиология —  сөздүн лексикалык маанилери жөнүндөгү  илим. Лексикалык маанилер сөзгө карата конкреттүү же индивидуалдуу мүнөзгө  ээ, б.а. , лексикалык ар бир маани  — сөздүн керт башына тиешелүү маани. Ошондуктан лексикалык маанилер бири экинчисинен кескин айырмаланып  турушат: кар, шамал, чуркады, жаан, камкор, эрте, кеч, он беш ж.б.Нерселерге, түшүнүктөргө жана бири-бирине карата болгон мамилелерине карай лексикалык маанилер бир нече түргө бөлүнөт:

1. Лексикалык маанилер  нерселерге. көрүнүштөргө карата  маанилик ар 

түрдүүлүктөрүнө байланышкан  белгилери боюнча — номинативдик жана сигналдык, түз жана өтмө, конкреттүү жана абстракттуу деген сыяктуу  түрлөргө ажыратылат.

Номинативдик маани —  сөздүн атоо мааниси, б.а. , адамдар жаратылыштагы,

коомдогу жана турмуштагы ар түрдүү буюмдарды, заттарды, сандарды, сапаттарды, кубулуштарды, көрүнүштөрдү сөз менен атайт. Бул — сөздөрдүн  атоо функциясы.

Айрыкча бул материалдык  нерселерди белгилеген сөздөрдө айкын  сезилет: алма, тал, терек, үй, табак, жоолук, нан, кымыз, стол, кагаз, калем ж.б.

Сигналдык маани нерсени  же көрүнүштү атап көрсөтпөйт, аны  тек гана билдирүү, шилтеп көрсөтүү милдетин аткарат: бул, мындан, тиги, үстүндө, астында, жанында. чейин. соң ж.б.

Сөздүн түз мааниси  өтмө мааниден айырмаланып, нерсени  түз атайт же аны 

адамдын аң-сезимине тике чагылдырып көрсөтөт. Мындай учурда сөздө түз  мааниден кыргыз китептеринин электрондук  китепканасы башка ар кандай кошумча, өтмө маанилер катышпайт: стол. киши, аял, кой.козу, дептер, чанач. эт. айран, чака ж.б.

Сөздүн өтмө мааниси нерсени  түз эмес, ошол эле сөздүн башка  кыйыр мааниси аркылуу чагылдырат. Айталы, кулпунун ачкычы (түз мааниде) жана сыр ачкычы өзколунда, акыл-ой ачкычы — билим (өтмө мааниде). Суу  акты (түз мааниде) жана андан бери канча күндөр, канча айлар акты (өтмө мааниде). Терең суу (түз мааниде) жана терең жигит же терең, акыл (өтмөмааниде).

Сөздүн конкреттүү жана абстракттуу  маанилери анын белгилүү бир материалдык  негизге ээ же ээ эместигине байланыштуу  аныкталат. Тагыраак айтканда, сөздүн мааниси конкреттүү алынган бир нерсеге тиешелүү болсо (көгүчкөн, сүрөт. кайчы, таяк, уй). мындай маани — конкреттүү маани. Тескерисинче, кандайдыр бир материалдык негизге таянылбаган маани — абстракттуу маани (уйку. түш. санаа.

Пландуу, жалпылоо, логикалуу, бакыт, машакат ж.б. ). Көрүнүп тургандай, конкреттүү сөздөр белгилеген нерселерди, кубулуштарды сезим органдары аркылуу  кабыл алууга мүмкүн болсо, абстракттуу  сөздөр белгилеген нерселер. кубулуштар мындай касиетке ээ эмес.

2. Лексикалык маанилер  өзүлөрүнүн аң-сезимге болгон  катышына карата:

терминдик жана жалпы маани, бейтарап жана образдуу маани. эмоционалдуу жана эмоционалдуу эмес маани болуп  бөлүнөт.

Терминологиялык маани —  кошумча, өтмө маани мүнөздүү болбогон, илимге тиешелүү бир гана түшүнүктү  билдирген жеке маани: интеграл, инерция, масса, индукция, плазма, формула ж.б.

Жалпы маани белгилүү бир  түшүнүктү гана билдирбейт, ал муну менен катар ар кандай кошумча  маанилер, маанилик оттенкалар аркылуу  да коштолуп турат: Аяз жана күн. Айлана мемиреп тынч. Ак кар жамынган талаа  көзгө сүйкүм көрүнөт. Айталы, аяз жана кун төмөнкүдөй кошумча маанилерге ээ. Күн планета жөнүндөгү мааниден сырткары жылуулук, жагымдуулук маанини, ал эми аяз суук, ызгаар, кыш маанилерин да билдирет.

Бейтарап жана образдуу маанилер аларда сүрөттүүлүктүн, сезимдин катышып  турушуна же турбагандыгына байланыштуу  өз ара ажыратылат. Образдуу маанидетүшүнүктөн  сырткары сүрөттүүлүк да катышса, бейтарап мааниде түшүнүк гана берилет.

1) Жаңыдан шоолаланган  күндүн кызгылт-сары нуруна канаттарын  чайыган 

көгүчкөндөр дыр-пыр этип аркы-терки учуп жүрүштү.

2) Көгүчкөндөр өзүлөрүнүнжашоо-тиричилиги, табияты боюнча үй канаттууларына  жакын келет.

Биринчи сүйлөмдө «көгүчкөндөр»  образдуу мааниге ээ. Анткени анда кандайдыр бир канаттуу куш жөнүндө  гана түшүнүк берилбестен, анын ошол учурдагы конкреттүү элеси да кошо берилген. Ал эми экинчисинде көгүчкөндөр  жөнүндө жалпыланган ганатүшүнүк  берилди. Анда маанинин образдуулугун  шарттоочу элестүүлүк, сүрөттүүлүк  жок.

Адамдардын ар түрдүү эмоциялык  сезимдерин билдиргенине же билдире 

албаганына карай сөз  маанилери эмоционалдуу жана эмоционалдуу эмес маанилер болуп экиге бөлүнөт:

1) Баракелде! Пай-пай-пай!  Сүйүктүүм, кан кускур. жашабай  кал! 

2) Суу, стакан, кашык, баштык. Булардын биринчиси адамдын ар  кандай ичкисезимин (ыраазычылык,  суктануу, жек көрүү) билдирсе, экинчиси  эч кандай сезимди билдире  албады, турмуштагы кубулушту жөн  гана атап көрсөттү.

Лексикалык маанилердин  бөлүнүшүнүн үчүнчү түрү маанилердин  өз ара 

бири-бири менен болгон байланышынын ар түрдүүлүгүнө негизделет. Буга

байланыштуу алар: синонимдик. антонимдик, омонимдик маанилер деген  сыяктуу негизги топторго бөлүнөт.

Синонимдик маанилер өзүлөрүнүн мазмуну боюнча бири-бирине өтө жакын 

келишет. Ошондуктан көпчүлүк учурларда бирин экинчиси эркин  алмаштыра алат:

ызаат-сый-урмат; таалим-нуска; кытмыр-арамза-жойпу-эки жүздүү;

жоомарт-март-берешен; нарк-салт; чыр-чатак. Бирок синонимдик маанилер бардык эле учурда мазмундук жактан бири-бирине дал келе бербейт. Алар

маанилик оттенкалары  боюнча бири-биринен белгилүү бир  деңгээлде айырмаланып да турушат.

Синонимдик маанилерден  кескин айырмаланып, өзүлөрүнүн мазмуну  боюнча карама-каршы келген маанилердин  өз ара байланышы антонимдик маанилердин  тобуна жатат: ысык жана муздак, акылдуу  жана акмак, кирүү жана чыгуу, эрте жана кеч, жарыкжана караңгы.

Омонимдик маанилер айтылышы же тыбыштык түзүлүшү бирдей болгону  менен, ал маанилердин ортосунда  өз ара эч кандай байланыш-катыш  болбойт. Демек, алар өз ара байланышпаган  ар башка маанидеги сөздөр: айры — чарбалык курал, айры — сын  атооч (айры мүйүз), айры — этиш; айт  — майрам, айт — этиш; ат —жаныбар, ат — этиш, ат — адамдын аты.

Азыркы кыргыз тилинин  лексикасы өзүнүн коом турмушунда колдонулуш даражасы, келип чыгыш теги жана стилдик жактан өзгөчөлөнгөн топтору  боюнча татаал системаны түзөт. Ошондуктан кыргыз лексикологиясынын учурдагы негизги милдеттеринин бири кыргыз тилинин лексикалык составынын тарыхый  жактан куралышын, анын катмарларын  ачып көрсөтүү болуп саналат. Азыркыкыргыз лексикасынын курамынан анын өздүк  лексикасынан сырткары, жалпы түрк тилдерине орток сөздөр, сырттан  кабыл алынган сөздөр да орун алгандыгы  белгилүү. Буга байланыштуу орус тилинен, моңгол жана араб-иран тилдеринен оошкон сөздөрдү өз-өзүнчө топторго бөлүштүрүү, алардын ар бирине мүнөздүү белгилерди, лексика-тематикалык өзгөчөлүктөрүн ачып көрсөтүү, мүмкүн болушунча, кабыл 

алуунун себептерин, андагы тарыхый факторлорду илимий түрдө  иликтөө талабы коюлат.

Азыркы кыргыз тилинин  лексикасынын жалпы корун түзүп турган сөздөрдүн коом турмушунда колдонулуш даражасы бирдей эмес. Алардын негизги бөлүгү байланыш-катыштын ар түрдүү чөйрөлөрүндө өтө активдүү колдонулуп, негизги ролду ойноп келсе, айрымдары пассивдүү мүнөзгө ээ, б.а. , колдонулушу жактанчектелген. Буга жалпы элдик тилдин бир бутагы болгон диалектилик сөздөрдү көрсөтүүгө болот. Демек, лексикологияда диалектилик сөздөр, аларды окуп-үйрөнүүнүн зарылдыгы, диалектилик сөздөр менен адабий тилдин өз ара карым-катнашы, диалектилик сөздөр

адабий тилдин лексикалык составынын байышында негизги булак  экендиги, аларды адабий тилге кабыл  алуунун принциптери да каралат. Мындан сырткары, лексикология диалектилик  сөздөрдү мааниси, колдонулуш өзгөчөлүктөрү  боюнча түрлөргө бөлүштүрөт. Алардын  көркөм адабий чыгармаларда колдонулуш максаттарын, жолдорун белгилейт.

Колдонулушу жагынан чектелген  мүнөздөгү лексиканын дагы бир тобу — кесип лексикасы. Лексикологияда нагыз кыргыз тилине мүнөздүү болгон кесип сөздөрү, кыргыз китептеринин электрондук китепканасы лексика-тематикалык  бөтөнчөлүктөрү, элдин өнөр-кесибин, басып өткөн тарыхый жолун  чагылдыруудагы ролу жөнүндө маалымат берилет. Ошондой элекесип лексикасы  да тарыхый категория болгондуктан, анын ар кандай өнүгүү, өзгөрүүлөргө учурашына, айрыкча өнүгүүсүндөгү негизги  булактарга карата илимий илик жүргүзүлөт.

Сөздөрдүн стилистикалык  маанилүүлүгүнө, б.а. , алардын тигил  же бул 

функционалдык стилдик түрүндө  активдүү колдонулуш өзгөчөлүгүнө байланыштуу  жиктерге, түрлөргө бөлүштүрүлөт, ар бир  түрүнө карата мүнөздөмө берилет.

Бүгүнкү күндө ыкчам өнүгүп, адабий тилдин сөздүк составына тынымсыз кирип жаткан илимий-техникалык терминдерди  жана номенклатураларды тартипке келтирүүнүн. жөнгө салуунун, аларга тиешелүү принциптерди иштеп чыгуунун практикалык зор  мааниси бар.

Көпчүлүк терминдер жана номенклатуралык атоолор жалпы  адабий тилге кирип, активдүү колдонулуу мүнөзүнө ээ болууда. Жалпы элдик  лексиканын белгилүү бир катмарлары терминдешүү процессин башынан өткөрүүдө. Демек, терминология маселесиндеги мына ушундай процесстерге, ар кандай өнүгүү, өзгөрүүлөргө байланышкан принциптерди, критерийлерди өздөштүрүү жана жалпы адабий тилдеги лексика менен терминдик лексиканын өз ара карым-катнашын так ажырата билүү талап кылынат.

Жыйынтыктап айтканда, лексикология бир тилдеги бүт лексиканы, анын ар түрдүү катмарларын, өнүгүш булактарын, стилдик жана колдонулуш өзгөчөлүктөрүн, андагы ар кандай өзгөрүүлөрдү, анын закон  ченемдүүлүктөрүн ачып көрсөтөт. Ошондой  эле сөздөрдүн лексикалык маанилерин, алардын түрлөрүн, ал маанилердин  өз ара карым-катышын, пайда болуу, өнүгүү, өзгөрүү жолдорун териштирет.

Фразеология (гр. Phrasis — «туюнтма»  жана logos — «илим») — тилдин

системасындагы өзгөчө туюнтмаларды — фразеологиялык сөз тизмектерин  изилдеп, аларды окутуп-үйрөтүүчү тил  илиминин бир бөлүгү.

Фразеологиялык окуунун  объектиси — фразеологиялык сөз  тизмектери. Ал эми фразеологизмдер  — маанилик жана структуралык жактан өз ара ажырагыс туруктуу сөз тизмектеринен  турган тилдик бирдиктердин өзгөчө бир  түрү. Алардагы мындай өзгөчөлүк —  структуралык жана семантикалык мүнөзү боюнча кадыресе лексикалык бирдикке караганда алда канча татаалдыгында. Бирок фразеологизмдер да тилдик бирдик катары затты, анын белгисин, кыймылын, анын (кыймыл-аракеттин) түрдүү кырдаалын  — мезгилдик, сандык, орундук, сапаттык ж.б. түшүнүктөрдү атап көрсөтүп, аларды ары татаал, ары өзгөчө боёк менен  туюндуруп, пикир алышуунун даяр түрдөгү каражаты катарыкызмат аткарат.

Бирок фразеологизмдер төмөнкүдөй белгилери боюнча тилдин башка 

деңгээлдериндеги бирдиктерден өзгөчөлөнүп турат: структуралык жактан экиден кем эмес түгөйдөн турушу; семантикалык бүтүндүгү; составдык (лексикалык) түгөйлөрүнүн жана грамматикалык түзүлүшүнүн туруктуулугу; маанилик жактан сөзгө эквиваленттүүлүгү, мунун натыйжасында кепте даяр материал катарыколдонулушу.

Фразеологизмдер формалдуу  мүнөздө толук маанилүү сөздөр түрүндөгү  өз ара бөлүктөргө ажыроочу экиден кем эмес сөздөрдүн тизмегинен турат: көзү өттү, көзү жок, көзү тирүү, көзүнөн  заары чыкты, көзү түштү, кой оозунан  чөп албаган, кой үстүнө торгой жумурткалаган, ак койдон аңкоо, боз койдон момун, кабыргасы  сөгүлдү, кабыргасын бит жебейт, кабыргасы  менен кеңешүү, кабыргасы кайышты  ж.б.кыргыз китептеринин электрондук  китепканасы  Жогоруда көрүнүп тургандай, фразеологизмдердин түгөйлөрү өзүлөрүнүн сырткы тыбыштык түзүлүшү жана алардын ар бири орфографиялык өз алдынчалыкка ээ экендиги боюнча кадыресе толук маанилүү сөздөрдөн эч айырмаланбайт. Бирок келтирилген мисалдарда фразеологиялык сөз тизмектеринин тутумундагы көз, кой, кабырга деген сөздөр өзүлөрүнүн лексикалык маанилеринен толук ажыраган жана алар тизмектеле айтылган башка сөздөр менен өзүлөрүнө мүнөздүү болгон

лексикалык бир дагы маанилери  аркылуу байланыш-катыш түзө албайт.

Бардык фразеологизмдердин составдык түгөйлөрү, б.а. , лексикалык составы 

туруктуу келет: Мамбет ары  иштерман, ары колу ачык. өзгөлөр  менен алыш-беришке так жигит  болуп өстү (Т.С.). Вице-премьердин колу ачыктыгынан 64 миң доллар ар ким.

Ар кимдердин олжосуна айланды («Асаба»). Агайынга колу ачык. аттанып чыкса жолу ачык абакең Бакай  кол баштап («Манас»). Колу ачык адам кор болбойт (оозеки кептен).

Фразеологизмдердин түгөйлөрүнүн белгилүү бир грамматикалык формалар

аркылуу байланышы, бүтүндөй сөз тизмегинин тигил же бул сөз  түркүмүнө 

тиешелүүлүгү алардын  грамматикалык жактан жабдылгандыгын көрсөтөт. Ал эми фразеологизмдердин синтаксистик милдети алардын сүйлөмдө тигил же бул сөз же синтаксистик конструкциялар менен грамматикалык  жактан байланыш-катыш мүнөзүнө, ошол өзүлөрү тиешелүү болуп айтылган сөз түркүмүнүн табиятына ылайык аныкталат.

Фразеологизмдер структуралык жактан да, маанилик жактан да сөзгө  караганда татаал бирдик болуп эсептелет. Бирок алардын көпчүлүгү функционалдык  жактан айрым алынган сөзгө жакын  же анын эквиваленти катары келет: Колу ачык — март; боору таш — кайрымсыз; колтугуна суу бүркүү — көкүтүү, тукуруу; каракылды как жарган —  калыс; ачып көздү жумганча — ылдам, тез;төбө чачы тик туруу —коркуу; суу жүрөк — коркок; ташка тамга  баскандай — таамай, так ж.б.Кыскасы, фразеологизмдер — экиден кем  эмес түгөйлөр аркылуу уюшулушу, ага  карата маанилик бүтүндүгү, тутумундагы  түгөйлөрүнүн, ошондой эле грамматикалык 

түзүлүшүнүн туруктуулугу жана сөзгө карата эквиваленттүүлүгү  боюнча өзгөчөлөнгөн тилдик бирдик. Ал эми тилдик бирдиктердин өзгөчө бир  түрү катары фразеологиялык сөз тизмектерин  окуп-үйрөтүүчү тил илиминин бир  тармагы фразеология деп аталат.

Демек, фразеология өзүнчө илим катары фразеологизмдердин өзгөчөлүктөрүн, тилдин башка деңгээлдериндеги тилдик бирдиктердин ичинен алган ордун  аныктайт.

Ошондой эле анда фразеологиялык сөз тизмектеринин мааниси, грамматикалык, структуралык жана экспрессивдик-стилистикалык  касиеттери, колдонулуш өзгөчөлүктөрү  каралат, ылайыгына жараша классификацияланат.

 

 

1.2. Соз-лексикалык бирдик.

Ар бир адам өз тилиндеги  сөздөрдү билет, түшүнөт жана турмушунда колдоно алат. Бирок сөз деген  эмне, ал кандайча жасалат, сөз менен  ал атаган нерсенин, сөз менен түшүнүктүн ортосунда кандай байланыштар бар  ж.б. деген сыяктуу теориялык суроолорго жооп бериш же аларды аныктоо —  татаал маселе. Ошондуктан лингвистикалык илимий адабияттардан сөзгө карата өтө ар түрдүү мүнөздөгү бир нечелеген  аныктамаларды кезиктирүүгө болот. Алардын айрымдарына конкреттүү токтоло кетели:

1.«Сөз — бул кандайдыр  бир мааниге ээ болгон тыбыштык  комплекс». Бул 

аныктама боюнча маани  бербеген сөздөр деп аталган байламталарды, бөлүкчөлөрдү, а түгүл мүчөлөрдү  да сөз катарыкараса боло берет.

кыргыз китептеринин электрондук  китепканасы

2. «Сөз — бул кандайдыр  бир түшүнүктү билдирүүчү тыбыштардын  айкашы». 

Бирок, биринчиден, түшүнүк  менен сөз бардык учурда эле бири экинчисине дал келе бербейт. Экинчиден, тилде белгилүү бир түшүнүккө  ээ боло албаган ооба, жок, эх, ой, ии, же, бирок, эч, гана, дагы ж.б. деген сыяктуу  толгон сөздөр да бар. Үчүнчүдөн, түшүнүк  китеп, алма, бала, табак деген өңдүү  айрым алынган сөз аркылуу  гана эмес, темир жол, кол машина, калай кашык, дептердин барагы, мышыктын баласы деген сыяктуу сөз тизмектери аркылуу да берилет.

3.«Сөз — бул турмуштагы  көрүнүштөрдү же нерселерди атал  көрсөтүүчү тилдин бирдиги». Бул  аныктама да сөздүн табиятын  так ачып көрсөтө албайт. Анткени,  биринчиден, сөздөр турмуштагы конкреттүү  жашап турган нерселерди. көрүнүштөрү  гана эмес, абстракттуу түшүнүктөрдү  да атап көрсөтөт. Экинчиден, тилибизде  нерсени же көрүнүштү атоо  мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албаган  кызматчы сөздөр,сырдык жана тууранды  сөздөр (жана, менен, албетте, мүмкүн. кийин, чейин, балп, солк, эх, пай-пай, оуу, ботом ж.б. ) да арбын.

4.«Сөз — бул пикир  алышуу үчүн кепте эркин колдонулуучу (воспроизводимая) тилдин эң кичине  маанилик бирдиги». Биздин оюбузча,  бул аныктамада сөздүн негизги  маани-мазмуну, кепте аткарган  кызматы, мүмкүн болушунча кеңири  да, ар тараптуу да чагылдырылган.  Буга ынануу үчүн дубал, сулуу,  ойноо деген сөздөрдү карап  көрөлү. Бул сөздөрдүн баары: 1) муундардан  жана фонемалардан айырмаланып,  тилдин маани берүүчү бирдиктери  болуп саналат; 2) кепте эркин колдонулат, б.а. , башка маани берүүчү бирдиктерге  карата көз каранды абалда  болгон морфемалардан айырмаланат; 3) кепте эркин колдонулуучу эң  кичине бирдик катары сөз айкашынан  айырмаланат; 4) пикир алышуунун куралы  же курулуш материалы катары  кызмат аткарат.Бул белгилер —  сөздүн семантика-функционалдык  жагы. Муну менен катар сөздүн  сырткы формалдык жагы да бар.  Бул жагынан алганда, анын курулуш  материалы катары тыбыштар эсептелинет.  Албетте, тыбыштардын туш келди  комплекси эле сөз боло бербеси  белгилүү. Сөз болуш үчүн белгилүү  бир мааниге ээ болушу, чындыктын  көрүнүшү менен тыгыз байланышта  келиши талап кылынат.

Демек, өйдөдө айтылгандардан улам сөз төмөнкүдөй белгилердин  бирдигинен турат деген бүтүмгө  келсек болот: 1) белгилүү бир мааниге  ээ болуп, кепте айтылып жаткан ойдун  талабына ылайык эркин колдонулат да, пикир алышуу куралынын милдетин аткарат; 2) лексикалык башка бирдиктерден айырмаланып, өз алдынчатыбыштык бүтүндүккө ээ болуп турат; 3) лексика-грамматикалык  жактан тигил же бул сөз түркүмүнүн тутумуна кирет; 4) бир тилде сүйлөгөн коллективдин (элдин) бардык мүчөлөрү үчүн бирдей даражада түшүнүккө ээ болот же баарына бирдей түшүнүктүү келет.Сөздүн эң негизги белгилеринин бири болгон «белгилүү бир мааниге  ээ болуп турушу» деген түшүнүктү  кеңири кароо керек. Анткени бул  түшүнүк сөздүн мааниси  материалдык нерселерге (көз көргөн, колго урунган, жыт, даам сезимдери аркылуу туюнтулган заттарга, нерселерге, сандык, сапаттык касиеттерге) гана негизделбестен, абстракттуу (ой, кыял, санаа) жана эмоционалдуу (ох, бах, иий) маанилерди, ошондой эле конкреттүү нерселерди, көрүнүштөрдү атап көрсөтпөгөн, бирок аларды билдирген, шилтеп көрсөткөн маанилерди да (ичинде, ал, бул, тигинде) өз кучагына камтыйт.Ошентип, сөздөр өз алдынча турганда атоо, билдирүү милдетин гана аткарган лексикалык бирдик түрүндө жашайт. Ал эми сөздүн пикир алышуунун куралы катарындагы функциясы жеке турганда эмес, кепте сүйлөм тутумунда гана ишке кыргыз китептеринин электрондук китепканасы шырылат. Тагыраак айтканда, сөздөр сүйлөмдүн тутумунда өзүлөрүнүн лексика-грамматикалык табиятына жана айтылып жаткан ойдун талабына ылайыкбелгилүү бир грамматикалык формалар аркылуу өзгөрөт да, башка сөздөр менен семантика-грамматикалык жактан байланыш-катыш түзүп, белгилүү бир грамматикалык мааниге ээ болот. Мисалы, Мен мектепке барам. Мен деген жактама ат атооч атооч жөндөмөдө келип, биринчи жак формасындагы (-ым) этиш менен (барам)жак жана сан боюнча ээрчише байланышып турат. Демек, сүйлөмдө сөз болуп жаткан нерсенин аты катары (сүйлөмдүн ээси катары) колдонулган ат атооч ( мен) башка жөндөмө формасында келиши мүмкүн эмес. Анткени кыргыз тилинин синтаксистик түзүлүшү биринчи жактагы баяндоочту сөзсүз түрдө атооч жөндөмө формасында гана келишин талап кылат. Ошондой эле мектепке өзүнүн лексика-грамматикалык табиятына ылайык барыш жөндөмө формасын кабыл алып, алгачкы лексикалык маанисинен сырткары кыймыл-аракетке карата багыттык мааниге (грамматикалык мааниге) да ээ болду. Кыскасы, сөз лексикалык бирдик катары лексикалык жана грамматикалык маанилердин өзөгүн түзүү менен, пикир алышуунун эң маанилүү куралы катарыкызмат аткарат.

 

 

Экинчи глава. Создун жасалышы. Анын системалык мунозу, соз жана нерсе

Ар бир сөз өз алдынча  белгилүү бир тыбыштардын бирдигинен жана мааниден турат. Демек, сөздүн жасалышы белгилүү бир тыбыштык бирдикке негизделет, ансыз сөз жок. болушу да мүмкүн эмес. Бирок анын белгилүү бир мааниге ээ болуп турушу талап кылынат. Айталы, үй, жолборс, карандаш деген сөздөрдүн ар бирибири экинчисинен айырмаланып, өз алдынча тыбыштык комплекске ээ. Ошол эле маалда адам жашоочу жай, жырткычжаныбарлардын бир түрү жана жаза турган курал маанилерин да билдирет. Ал эми кулайнак, замгари, каймалаң дегенсыяктууларда тыбыштардын курамы бар, бирок эч кандай маани жок, андыктан буларды сөз катары кароого болбойт. Башкача айтканда, кандайдыр бир мааниге негизделбеген (маанини билдире албаган) тыбыштардын туш келди эле курамы сөздү жасай албайт.

Ар бир тилдеги кайсы  гана сөз болбосун төмөнкүдөй байланыш-катыштардын  үч негизги тибине ээ болуп турууга  тийиш: 1) адамдарды курчап турган айлана-чөйрөдөгү  көрүнүштөргө, нерселерге, кыймыл-аракетке, сандык жана сапаттык касиеттерге болгон катышы; 2) адамдардын өзүлөрүнүн сезим-каалоолоруна, ойлоосуна (ой-кыялына) карата болгон катышы; 3) тилдин системасындагы башка сөздөргө карата болгон катышы. Демек, сөз тыбыштык комплекс менен маанинин катышынан  турган жөнөкөй гана тилдик бирдик эмес, а мындан сырткары жогоркудай системалардын да ажырагыс бирдигинен турган татаал көрүнүш.

Белгилүү бир нерсени  атап турган сөз (тыбыштардын курамы) ошол нерсенин кандайдыр бир белги  же касиеттеринин түздөн-түз көчүрмөсү  эмес. Тагыраак айтканда, нерсе менен  аны атап турган сөздүн ортосунда  эч кандай табигый байланыш жок, сөз  өзү белгилеген нерсенин, кубулуштун ж.б. маңызын ачып көрсөтөалбайт. Ошондуктан тоо эмне үчүн «тоо» деп, ата эмне үчүн «ата» деп аталат деген өңдүү  суроого эч ким жооп бере албайт жана бир эле нерсе ар башка тилде ар кандай тыбыштык комплекстеги сөздөр менен атала берет. Мисалы, кыргыз тилиндеги китеп

— орусча книга, немисче  бух, өзбекче китоб, япончо хон, кытайча  шу.

Эгерде нерселердин аталышы  алардын кандайдыр бир белги  — касиети менен байланышкан  болсо, анда бардык тилдерде бирдей аталыш, бирдей тыбыштык комплекстер талап  кылынмак, б.а. , дүйнөдө бир гана тил жашамак.кыргыз китептеринин электрондук  китепканасы Ошондой эле сөздөрдүн  тыбыштык түзүлүшү нерсени күзгү  сыяктуу чагылдырып турат деп  да түшүнүүгө болбойт. Анткени сөз  — өзү атап турган нерсенин образы

элеси) эмес, анын туруктуу белгиси.

Айрым бир аныктамаларда  сөз нерсенин шарттуу алынган  белгиси деген сыяктуу ой айтылып  жүрөт. Эгерде сөз нерсеге берилген шарттуу белги же шарттуу аталыш болсо, анда айрым адамдардын сунушу же белгилүү гана адамдар тобунун  макулдашуусу боюнча аны өзгөртүүгө болот. Мындай болгондо сөз бирдиктүү  түрдөгүпикир алышуу каражатына айлана албас эле, б.а. , жалпы элдик мүнөзгө  ээ боло албас эле. Ошондуктан сөз  — нерсенин шарттуу эмес, түбөлүктүү, туруктуу белгиси.

Адабий тилдин лексикологиясы жана орду