Жусуп Абдрахманов. 2
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ
1901-жылы 28-декабрда Ак-Суу районундагы Чиркей айылында туулган.Орус-тузем мектебинин 3-классын Сазановка (Ананьево) айылынан бүтүргөн.Бул мектепте К.Тыныстанов, А.Жээнбаев, Т.Забировдор окушкан. 1914-жылы Караколдогу баштапкы окуу жайда окуп, 1916-жылы Үркүндүн айынан окубай калган. Үркүндө 7 бир тууганы, ата-энеси каза болот. 1917-жылы Кытайдан келип, ар кимге жалданып иштеген. 1919-жылы Кызыл Гвардиянын катарына өтөт. 1919-жылы декабрь айында оорусуна байланыштуу аскер кызматынан бошоп калат. 1919-жылы Түркстан комсомолунун Президиумунун мүчөсү. 1920-жылы РКСМдин III съездинин делегаты. 1920-жылы Пишпек уездик комитетининуюштуруу бөлүм башчысы. 1924-жылы 24-мартта Түркстан ЦИКтин жооптуу секретары. 1924-жылы ноябрь Облпартбюронун экинчи секретары. 1925-жылы Москвада (ЦК РКП) инструктор. 1927-жылы облисполкомдун орун басары. 1927-1933-жылдары облсовнарком, председатель. 1933-жылы сентябрда ЦК РКП (б) бюросунда иштен бошотулат. 1933-жылы октябрда партиянын катарынан чыгарылат. 1934-жылы 4-апрелде камакка алынат.
Коюлган күнөө: Совет өкмөтүнө чыккынчылык менен бөлүп-жаруу иштерин уюштурган. «Социал-Туран» партиясына катышкан. Совет өкмөтүн кулатуу жана Кыргызстанды союздан бөлүп чыгып, улутчул-буржуазиялык бийликти орнотуу менен Англия мамлекетине жармакташууну көздөгөн.
1956-жылы СССРдин
Жогорку Сотунун согуш
XX кылымдын башында
кыргыз калкынын бакты-
1996-жылы баш
калаабызда кыргыз мамлекетин
негиздөөчүлөр үчүн аллеясы
XX кылымдын 20-жылдарынын
башында Абдыкерим Сыдыков,
Бүгүнкү эгемендигибиздин пайдубалы дал ошол күнү түптөлүп, Жусуп Абдрахмановдун жаштык жалынын берип, жан сабаган аракетинин алгачкы акыбети кайткан. Жогорудагыдай айыгышкан тирешүүлөрдүн айынан 1925-жылдын март айында болуп өткөн биринчи областтык партиялык конференцияда Жусуп Абдрахманов обкомдун курамына да, өз билим, тажрыйбасына ылайык башка бийлик кызматына да шайланбай калган. Ал бүткүл Россиялык коммунисттик большевиктер партиясынын Орто Азия бюросунун демилгеси менен Ташкенте чакырылып, уюштуруу бөлүмүнүн орун басар жетекчиси, ал эми 1925-жылдын августунан 1926-жылдын апрелине чейин Москвада РКП(б) Борбордук Комитетинде инструктор болуп иштеген. Бул зор өлкөнүн башкаруучу партиясынын борбордук аппаратында кыргыз элинин өкүлү кызмат өтөгөн эң биринчи саамалык болгон. Партиялык жана Советтик бийликтин ушундай эң бийик баскычтарында эмгектенген убактарында Жусуп Абдрахманов жаңыдан жаралган Кыргыз автономиясын андан ары бекемдеш үчүн белсене киришкен. Натыйжада, 1925-жылдын май айынын акырында РСФСР Борбордук Аткаруу Комитетинин токтому менен Кара Кыргыз автоном областы Кыргыз автоном областы болуп аты өзгөртүлгөн. 1925-жылдын 25-27-ноябрында Кыргыз автоном областынын аткаруу комитетинин III сессиясы Кыргыз автоном областын автономиялуу республика кылып кайта түзүүнү жарыялаган. 1927-жылдын 7-мартында Кыргыз АССР Советинин биринчи уюштуруу съезди ачылган. Съезд Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгү тууралуу Декларация кабыл алып, Борбордук Аткаруу Комитетин шайлаган. 1927-жылдын 12-мартында Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин биринчи сессиясында анын алгачкы төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков шайланып, Республиканын Эл Комиссарлар Советинин төрагасы болуп Жусуп Абдрахманов бекитилген. Ошону менен 26 жаштагы Жусуп Абдрахмановго жаңы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түп негизин иш жүзүндө түптөө боюнча тарыхый зор жоопкерчилик жүктөлгөн. Мына ушул аскар тоодой милдетти аркалап, биринчи Кыргыз Өкмөтүн жетектеп турган чагында өз алдынча ой жүгүртө билген билимдүү көсөм катары Жусуп Абдрахманов жаңыдан уюшулган улуттук мамлекеттик түзүмдөрдүн автономиялык укуктары чындыгында бир кыйла чектелгендигине, элеттик четжакалардын социалдык-экономикалык кызыкчылыктары менен тарыхый-маданий нарк-нускалары көп учурда этибарга алынбай, улут саясатында утилитаризм арааны үстөмдүк кыла баштаганына көзү жетип, ынана берген. Ушундан улам ал элинин ар-намысын жана улуттук-мамлекеттик укук-таламдарын тайманбай талашып келген демейдеги атуулдук күрөшүн кайрадан жаңы күч-кайрат менен улантууга мажбур болгон. 1920-жылдардын акырында, 30-жылдардын башталышында Кыргыз Автономиялуу Республикасы конституциялык-укуктук жагынан РСФСРга, экономикасынын мүнөзү жана географиялык жайгашуу жагдайы боюнча Орто Азия бийликтерине, ал эми саясий жактан жалпы Союзга көз каранды болгон үч кабат баш ийүүдө калган. Мындай абал жергиликтүү партиялык-советтик органдардын ишин, республиканын чарбалыкжана маданий өсүп-өнүгүшүн кыйындатып, практикада улут саясатынын бурмаланышына алып келген. Буга байланыштуу Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин төрагасы Жусуп Абдрахманов эки ирээт Сталиндин өзүнө кат менен кайрылып, көрсөтүлгөн кыйчалыш кырдаалдан чыгуунун бир аргасы Кыргыз АССРин Союздук республикага айландыруу экенин далилдеген. Кыргызстандын тышкы саясий мааниси жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү менен бирге калкынын 70 пайызы кыргыздардан турарын, 800 чакырымдан ашык аралыкта республика Батыш Кытай менен чектешерин баса белгилеген. Көрүнүп тургандай, Жусуп Абдрахмановдун баталгага баш байлап, улуттун тагдыры үчүн жеке турмушун тобокелге салып, тоталитардык системанын терс жактарын сындап, Сталиндин өзүнө тайманбай кат жазуусу чексиз эрдикти талап кылган. Жалпы жагдайы Кыргызстандан эч айырмасыз коңшу Тажикстан менен Түркмөнстан союздук республика статусун жыйырманчы жылдардын кап ортосунда эле алганына карабастан, Жусуп Абдрахмановдун 1928-жылы Сталинге жазган катындагы бул демилге кийин анын ашынган улутчулдугу катары бааланган. Акыры , 37 жашка жетпеген кырчын талдай курагында жылдыздай жанган жазыксыз жаш өмүрү өчүп, репрессия курмандыгы болгон. Азыр эрксизден эмне үчүн тоталитардык бийлик алды менен ушул Жусуп Абдрахмановдой көйкашка, көсөм адамдардын көзүн тазалаган деген суроо туулат. Демек, элди улуттук ар-намысы менен улуттук кадыр-касиетинен ажыратыш үчүн аны дээрин суутуп, рух-маданиятын жана акыл-парасатын жоюу керек болгон. Ошон үчүн ар бир элде өз улутунун интеллектуалдык рухий нарк-нускасынын даңкын чыгарып, калкынын мактанычына жана сыймыгына айланган философтор, адабиятчылар, ойчулдар, көсөмдөр эң биринчи жок кылынган. Кыска, бирок өрнөктүү өмүр кечирген, кыраакы жетекчи Жусуп Абдрахманов элибиздин эсинде эң ириде кыргыз мамлекетин түптөп, үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап, бардык ишке жоопкерчилик менен мамиле жасаган инсан катары сакталып калмакчы. Жусуп Абдрахмановдун жана анын үзөңгүлөш таламдаштарынын кысталышта кыл чайнап, жан аябай кармашкан каармандыгы, келечекти көрө билген саясый кыраакылыгы менен бүгүн кылым кезген кыргыз журту өзүнүн мамлекеттик эгемендигине жана улуттук эркиндигине ээ болду.
Жусуп Абдрахманов - XX кылымдагы
улуттук элитанын арстаны
Урматтуу "Айгай" гезити, урматтуу иним Кенжебек, Силердин гезиттин сандан-санга жарыяланып жаткан, силер туура, так баа бергендей "Кыргыз Республикасын түптөгөн улуттун кеменгери Жусуп Абдрахманов" тууралуу койгон маселелерди кош колдоп колдойм. Себеби, Ж.Абдрахманов XX кылымдагы улуттун лидер болгону айныгыс чындык. Демек, мен дагы жеке пикиримде ушул улуу инсанга өзүнүн ак эмгегине жараша мамиле жасалууга тийиш деп эсептейм.
Ж.Абдрахманов жөнүндө ой-пикирлериңер болсо байланышкыла" дептирсиңер. Ушундан улам мен дагы улуу инсан жөнүндө көкүрөктөгү ойлорумду айтпай кое албадым.
Жусуп Абдрахманов саясий күрөшкө катышкандан баштап жаңы доорго, анын жарыялаган идеяларына иштеген жана аларды турмушка ашыруу үчүн чын дили менен аракеттенген. Оттой күйүп, жүрөгү жалындап турган жигитчилик курагында (17-20 жаш) комсомолдун ишине жигердүү катышкан. Комсомолду Жети-Суу областык комитетинин бюро мүчөсү. Туркестан Россиялык Коммунистик жаштар союзунун Президиумунун бюро мүчөсү катары Борбордук Азияда коммунистик жаштар уюмунун телчигишине, уюштуруучулук бекемделишине жан-дили менен аракеттенген. Россиянын коммунистик жаштар Союзунун Москвада болгон III съездине (1920-ж) катышып, В.И.Ленин менен аңгемелешкен. Жаңы социалистик доордун теоретиги, чыгаан революционер, карапайым калктын бактысы үчүн күжүрмөн күрөөшүүчү жана уюштуруучу, В.И.Ленин менен бетме-бет сүйлөшүп ой толгоолоруна ишенген Жусуп Абдрахманов ошол доордогу жалгыз кыргыз болсо керек. В,И.Лениндин мамлекеттик аппараттык ишин көпчүлүктүн эне тилинде уюштуруу, өлкөнүн көпчүлүгүн түгөн калкка жакын жана боордош, түшүнүктүү мамлекеттик аппаратты түзүү зарылчылыгы жөнүндөгү кеңешин Ж.Абдрахманов бүт өмүрү, партиялык-мамлекеттик ишмердигинде жетекчиликке алган. (Кийин, жаңы заман өз залимдигине айланганда ушул аракеттери Жусуп Абдрахмановго каршы кине коюлган эмеспи!).
Замандын оомалуу-төкмөлүгүнө, жарыгы жанды жалтантып турган тарыхый турмуштун талаштуу тамырына, көз караштардын Кызыл кыргын түшкөн күрөштөрүнө карабастан, Жусуп Абдрахманов каракулак кабыландай чындык, эркиндик үчүн ак ниети менен аракеттенген. Ал 1926-жылы кыргыздардан эң алгачкылардан болуп Россия коммунисттик (большевиктер) партиясынын Борбордук Комитетинде (Москва шаарында) бөлүмдүн баштапкы партиялык уюмунун секретары болуп иштеген. Ал партиялык уюмда ошол кездеги СССРди башкарып турушкан И.В.Сталин, В.М.Молотов, К.Е.Ворошилов ж.б. болгон. Жусуп Абдрахманов тайманбас, коркпос, жүрөгүндө жалы бар, оозунда оту бар көк жал экендигин анын И.В.Сталинге жазган каттары, Түркестандын, Кыргызстандын партиялык уюмдарынын Орто Азиялык, Республикалык жыйындарында сүйлөгөн жагымдуу үндөрү, 1928-1931-жылдарда жазган "күндөлүгүндөгү" райондук, областык, Россиялык жана бүт Советтер Союзунун ар кандай жетекчилерине берген так, таасын мүнөздөмөлөрү далилдейт. 1927-жылдын март айында жаңы түзүлгөн Кыргыз автономиясынын Эл комиссарлар Советинин (өкмөтүнүн) төрагалыгына дайындалышы Жусуп Абдрахмановдун эс тартып, элдин кызматына келгенден бери кыргыз мамлекетүүлүгү үчүн жандуу күрөшүнүн туу чокусу болду. Анда болгону ал 26 гана жашта экен.
Октябрь революциясынын жеңиши менен шыктанган кыргыздын тандалган элитасы, өзгөчө анын жетекчилери, жол башчылары өз элинин мамлекет жана мамлекеттүүлүк жөнүндөгү тарыхый мүдөөсүн ишке аткаруу үчүн абдан күрөшкөн. Жусуп Абдрахманов бул жаратмандык аракеттин мээси да, жүрөгү да, булчуңу да болуп берген. Калк бейпилдикте бейкут турмуш өткөрүшүнүн баштапкы шарты - "улут - мамлекет" уюшулушунун зарылдыгын Жусуп Абдрахманов эрте түшүнгөн. Ырас, Кыргызстан өз алдынча мамлекеттүүлүк болушу үчүн кызыл кыргын болгон күрөштө кыргыздардын ошол кездеги элитасынын арасында биримдиктин жоктугу терс таасирин тийгизбей койгон эмес. 1922-жылы жазында Кыргыз Тоолуу Республикасын Казакстандын курамында эмес, РСФСРдин курамында калтыруу жөнүндөгү А.Сыдыков, Ж.Абдрахманов жана алардын пикирлештеринин демилгеси ишке ашпай калышы элитанын арасында биримдиктин, калктын тагдыры жөнүндө туура түшүнүктүн жоктугунун далили болгон. Ошентип, Кыргыз Тоолуу Республикасынын уюшулбай, кыргыз элинин өз алдынча мамлекеттүүлүккө ээ болуу тилегин таш капкан. Бул тарыхый окуя кийин деле өтө жашырылып келген. XX кылымдын 60-жылдарында ушул маселени изилдеп, ачык чындыкты айтууга далалаттанган юридика илимдеринин доктору, профессор Кубанычбек Нурбековду күнөөлөшүп, КПССтин катарынан чыгарышып, эрте өлүмгө алып барышкан.
Кыргыздардын
өз алдынча мамлекет болуу
үмүтү кылымдардан бери
Жусуп Абдрахманов Кыргыз Республикасынын "автономиялык" абалынын жетишкендиктерин жана анын кесепеттерин эң жакшы түшүнгөн жана көрө алган. Ошондуктан, Кыргызстандын үч тарапка баш ийиши (СССРге, РСФСРга жана Орто Азияга) анын чарбалык, маданий маселелери чечилбей, өнүгүшүнө кедерги болуп жатканын И.В.Сталинге жазган каттарында ачык, ишенимдүү далилдер менен Кыргызстанды союздук республикага айлантуу маселесин кабыргасынан койгон. Жусуп Абдрахманов Кыргыз автономиялык Республикасынын өкмөт башчысы катары калктын турмушун жакшыртуу, анын социалистик өнүгүшүн ар тараптан камсыз этүүнү өзүнүн керт башынын милдети катары кабылдаган. XX кылымдын 30-жылдары эң катаал жылдардан болгон. Колхоздоштуруу, малды толук ортоктоштуруу саясатындагы орой каталыктар, эгиндин түшүмсүздүгү менен коштолуп, айыл жашоочуларынын турмушун өтө оордоткон. Ачарчылык, ачкачылык кошуна казак элин адегенде каптаган. Отузунчу жылдардын башында Пишпектин күн чыгыш жагындагы Төкөлдөш суусунун ар жак-бер жагы жалаң ачкалыктан өлгөн казактардын сөөгүнө толуп кеткенин акын, улуу инсан Кубанычбек Маликовдун аңгемелеринен бир канча жолу уккан элем. Ачкачылыкта канча казак өлгөнү эмдигиче тактала элек. Америкалык белгилүү адис Марты Олкотт "Социалдык өткөндүн жалганы: Орто Азиянын казактары" деген китебинде ачкачылыкта эки миллионго жакын казак өлгөнүн жазат. Казак окумуштуусу, демограф Макаш Татимов 1930- жылдын башында жалпы казактардын саны 4 миллион 120 миң болгонун, ошолордун ачкачылыктан эки миллионго жакыны же жалпы казактардын 49% каза болгонун эсептеген. (Караңыз: М.Б.Татимов "Социальная обусловленность демографических процессов". Алма-Ата 1989, 122-124-беттер) кошуна боордош казак элинин трагедиялуу абалы кыргыздарга да келиши толук мүмкүн эле. Бирок, Жусуп Абдрахманов жалпы элин ачарчылыктан сактап, XX кылымдын биринчи жарымында Үркүндөн кийинки экинчи жолу көпчүлүктүн кырылып, жок болуп кетүү коркунучунан алып калган. Мындай баатырлык жүрөгүндө жалы, көзүндө оту, колунда кубаты, мээсинде акыл-эси бар, эли үчүн жанын аябаган, миңдеген жылдарда бир жарала турган инсандын гана колунан келет турбайбы! Жанын элине берген!
Жусуп Абдрахманов өкмөт башчысы болуп кыйын, катаал убакта 6,5 жыл иштеп, Совет доорундагы өкмөт башчыларынын арасынан эң көп мөөнөт иштегендердин бири. 1919-жылдын март айынан 1933-жылдын сентябрь айына чейин 14 жылдын ичинде Кыргызстанда, Казакстандын Талды-Коргон, Алма-Ата, Жети-Суу аймактык бирикмелеринде, Москвада Коммунистик партиянын Борбордук Комитетинде кийин 6 жыл 6 ай кыргыз өкмөтүнүн башчылык кызматында эмгектенип, кайда гана жүрбөсүн, кандай гана макала-изилдөөлөрдү жарыялабасын, кайсы гана трибунада сүйлөбөсүн бардык жерде кыргыздын эркин мамлекет - улут болуп өнүгүү маселелерине жүрөгүн өйүткөн, акылын жумшаган, ой-толгоосун токтотпогон.
Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекетинин архитектору, пайдубалын түптөгөн, өсүп-өөрчүшүнүн багыттарын белгилеген, Кыргызстан калкынын ынтымак-биримдиги, эл - журтунун, жеринин бүтүндүгү жана кемибестиги жөнүндө такай кам көргөн нагыз көсөм, даанышман, акыйкатчыл өз заманынын улуу саясий-мамлекеттик ишмери, калктын лидери болгон!
Кандай болсо да, Жусуп Абдрахмановдун бүт өмүрү, аткарган иштери, саясий мамлекеттик жүрүм-турумдары, мамлекети жана калк тагдыры, келечеги жөнүндөгү көз-караштары, ой-тутумдары Ысык-Көлдүн гана кулуну эмес, жалпы кыргызга жана Кыргызстандыктарга ак кызмат өтөгөн, саясий-мамлекеттик көрүнүктүү ишмер экендигин карт тарых ташка тамга баскандай тастыктоодо.
Демек, бүгүн кандай болгон учурда да, Жусуп Абдрахмановго өзүнүн ак эмгегине жараша мамиле жасалууга тийиш.
Бул тирүүлөр
үчүн, мекенчилдик сапат
Соңку сөз ордуна
Идеологияга, саясатка "кул" болгон кыргыз тарыхы XX кылымда абдан эле "жүдөдү", баатырларынан дээрлик "тазаланып" калды. Кыргыз тарыхы баарыдан мурун баатырлардын тарыхы эмеспи. Кыргызстан азаттыкка аттанган эркин малекетинин тагдыры нагыз тарыхын калыбына келтирип кайра жаратуусуна жараша болоору да талашсыз чындык экендигин эрте түшүнсөк болот эле…
Философия илимдеринин доктору, социологиянын профессору
Кусеин Исаев
Жусуп Абдрахманов
Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында мындан бир кылым мурдагы тарыхы менен бүгүнкү күндөгү мамлекеттин тагдыры кандайдыр бир деңгээлде окшоштукка ээ. Акыркы бир кылымда кыргыздын элиталары четтеги душмансыз эле өздөрүн-өздөрү жеп жатат. Буга мисал, 1937-1938-жылдагы репрессияда бири-биринин үстүнөн арыз жазгандар, эгемендик жылдардагы куугунтук, камоо, өлтүрүүлөр. Тарыхый кырдаалды, учурду, заманды, саясатты, бийликти күнөөлөгөн менен андагы чылбыр өзүбүздүн эле колубузда турганын элес ала бербейбиз. Бир кездеги тарыхый тагдырдын, замандын курмандыгы болгон Ж.Абдрахмановдун быйыл 110 жылдыгы белгиленип жатат. Тилекке каршы кыргыздын дагы бир инсаны Касым Тыныстанов экөөнүкү эстелик тургузуу менен гана чектелип жаткандай.
Аты кыргыздын бир гана уруусуна таанылган айрым бир уурулук деңгээлдеги адамдарга эстелик тургузуп, ага үлкөндөрдүн катышып жатканын көргөндөр тааныбай туруп эле: «аа, бул анын ата-бабасы болот турбайбы» деп ойлоп калгандарына жыйырма жыл болду. Бизди бүгүнкү күндө бири-бирибизди бириктирбей, уруу-урууга бөлүп турган нерсе дагы ушул. Кимдин күчү жетсе алтындан деле эстелик тургузса эч ким каршы эмес бирок, мамлекеттин кийинки келечеги үчүн улуттук баатырларга көңүл буруу керек. Мисалы, кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайра жаратууда зор салым кошкон саясий ишмерлердин катарында Жусуп Абдрахмановду айтууга болот. Быйыл анын 110 жылдыгына карата эстелиги ачылды. Бирок, көптөргө бул адам белгисиз. Жөн гана репрессиянын курмандыгына чалынган бир кездеги мамлекеттик кызматкер катары билишет.
Аскер адамы болгусу келген Жусуп
Совет өкмөтү түзүлүп, анын курамына Кыргыз ССРи абдан чоң тоскоолдуктардан өтүп союздук республика катары кирди. Мына ушундай зор ишке башын сайган инсандардын бири Жусуп Абдрахманов. Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда Ысык-Көл районунда манаптын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Жаратылышынан зээндүү Жусуп алгач орус-тузем мектебинде, кийин Караколдогу жогорку башталгыч окуу жайда билим алып, тилекке каршы 1916-жылдагы үркүндүн айынан окуусун токтоткон. Эл менен Кытайга үркүп барып, февраль революциясынан кийин туулган жерине келип, Каракол гарнизонундагы офицердин үйүндө атчы, кароолчу болуп иштеген. Анын табиятынан зээндүү, дилгир экендигин байкаган подполковник Бычков өзү менен кошо Верный (Алмата) шаарына алып барган. Бул жерде совет бийлиги орногондон кийин, мурда кат сабаты жоюлган Жусуп бир канча ай статистика тармагында эмгектенип, андан соң Морозовдун кызыл гвардиялык отрядына кирет. Гвардияда жүргөн кезинде Жусуп командирдин жардамчысы болуп, Жети-Суу фронтунда актарга каршы күрөшкөн. Абдрахмановдон келечектеги мыкты аскер адамы чыгат деген үмүт менен жогорку жактан Верный шаарына командирлик курска, кийин Ташкенттеги В.И. Ленин атындагы аскердик окуу жайга кирет. Бирок, ден соолугу анын келечектеги аскер адамы болушуна чоң тоскоол болуп, аргасыз аскердик карьерасын токтотууга мажбур болот.
Ленинге жолуккан биринчи кыргыз
Азыркы күндө Жогорку
Кеңешке депутат болууну же
чоң кызматта отурууну
27 жашында премьер-министр болгон
Бизде азыр
демократия ураанынан башка
Кыргызды дагы бир кыргындан алып калган
1933-жылы 26-майда ВКП (б)Борбордук комитети «Республикада (Кыргызстанда) дан азыктарын бекитилген планга каршы ысырапкорчулукка жана уурдап жок кылууга жол берилип, чара колдонбогондугу» жөнүндө токтом кабыл алынган. Ушул эле жылдын 22-сентябрында партиянын борбордук комитетинин саясий бюросунун чечими менен Жусуп Абдрахманов кызматтан бошотулуп, 14-октябрда партиядан чыгарылат. Андан кийин Самара жана Оренбург шаарларына кызматтык сүргүнгө айдалат. Жусуп Абдрахмановдун кызматтан айдалганынын себеби мындайча болгон. 1932-1933-жылдары Сталиндик өлкөнү индустрилизациялоо саясатынын жүрүшүндө СССРде катуу ачарчылык болгон (оор өнөр жайды куруу үчүн сыртка дан азыктарын экспортко чыгарып, сырттан өнөр жайга керектүү материалдар алып келинген). Ачарчылык СССРдин дан эгиндерин өндүргөн аймактарда Украина, Казакстан, Поволжьеде өзгөчө катуу болуп, адамдар ачкачылыктан кырыла баштаган. Коомдук ишмер Ишенбай Абдразаковдун Жусуп Абдрахманов жөнүндө жазылган эмгегинде айтылгандай ошол кезде Казакстан менен Сибирден 130 миңдей адам Кыргызстанга жан сактоого келген.
Пландуу экономикалык саясаттын негизинде дан даярдоо планы таңууланып, реалдуулуктан бир топ четтеп кеткен. Ушундай шартта Элкомсовдун председатели (өкмөт башчы) Жусуп Абдрахманов жана башка республиканын жетекчилери көрсөтүлгөн планды азайтууга мажбур болушкан. Эл ачарчылыктан кырылып калбасын деп, үрөн фондусунан пайдаланууга уруксат берген. Карапайым элди кырылбасын деп дан бергени кийин Абдрахмановду «эл душманына» айландырды. Ошол кезде коңшу казактардан ачарчылыктан улам бир канча миңдеген адам кырылып, дагы бир тобу Кыргызстанга келип жан сактаган. Өзүнүн күндөлүгүндө Абдрахманов ал жөнүндө мындай деген: «1932-жылы жазында казактар Кыргызстанга күтүрөп келе баштады. Ачарчылыктын айынан алардын арасында өлүм-житим көп болду… План өткөрүү кыйынчылыгын Шахрай, Исакеев үчөөбүз талкуулап келип, мен: «План аткарбады деп кызматтан алса алсын, республиканы Казакстандын абалына жеткирбейм» дедим. Алар макул болду.
Мына ошентип, анын эл үчүн жасаган эмгеги кара ишке айланып, 1933-жылы кызматтык сүргүнгө айдалып, 1937-жылы камакка алынып, 1938-жылы 5-ноябрда атылган. Ал бир нече жолу Сталинге, СССРдин прокуроруна, Ички иштер эл комиссарына арыз менен кайрылган. Бирок, анысы ишке ашкан эмес. Анын үстүнө жогорку жак бир күнөө такса, экинчи жагынан өзүнүн эле чогуу иштегендери үстүнөн арыз жазып айласын кетирген.
Эл арасында аты белгилүү инсандардын жеке жашоосу дайыма кызыгууну жаратат. Жусуп Абдрахмановдун саясий тагдыры кандай аянычтуу болсо, жеке жашоосу дагы ошондой азаптуу болгон. Үркүндө ата-энесинен, бир туугандарынан айрылып, бир иниси жана карындашы калган. Иниси дагы агасынын жолун жолдоп Ташкентте жогорку билим алган. Тилекке каршы, кийин ал дагы репрессиянын курмандыгы болсо, жалгыз карындашынын күйөөсү дагы камалган. Бүгүнкү күндө Жусуп Абдрахмановдун жалгыз кызы Ленина Абдрахманова гана бар. Абдрахмановдун өзү жөнүндө маалымат берген бул анын күндөлүгү. Күндөлүгүнөн ар кыл мазмундагы тексттерди кездештирүүгө болот. Ал мамлекеттик кызматкер болуу менен ошол кезде саясатка, коомго дагы өз оюн билдирип турган. Мисалы, күндөлүктөгү жазуулардан: «Адамдын өтөгөн кызматын эч качан жокко чыгарууга болбойт. Азияга мүнөздүү жалкоолук — жергиликтүү жумушчулардын негизги кемчилиги. Бул илдетке «карыгандар» гана эмес жаштар да чалдыккан. «Чыныгы» чиновник эки жүздүү кадрлар өсүп жатышат!…» Абдрахмановдун айткандары бүгүнкү күндө да маанилүү. Биздин саясий кризистин башаты дагы тээ 1917-1938-жылдардагы түзүлгөн системада окшойт деп дагы ойлоп кетесиң. Себеби ушул жылдар аралыгындагы реформалар кыргыздын каймактарын кырып, жалаң гана кул тукумдары калгандай таасир калтырат.Элизат ТУРСУНОВА, «Кереге» («Кыргыз гезиттер айылы»), 05.10.2011-ж.
Абдрахманов Жусуп
Абдрахманов Жусуп (Юсуп) (1901, Күнгөй-Аксуу болушу, Чиркей кыштоосу, азыркы Ысыккөл району, Жаркымбаев айылы –1938, Бишкек, сөөгү 1991-жылы Абдрахманов Ата-Бейит көрүстөнүнө коюлган) – саясий жана мамлекет ишмер; эл тарыхын объективдүү изилдөөчү. 1911–1916-жылы Сазанов (азыркы Ананьев) айылындагы үч жылдык орус жергиликтүү мектебинде, Каракол ш-ндагы жогорку башталгыч окуу жайында окуган. 1916-жылкы үркүндө эл менен кошо Кытайга качып, 1917-жылы кайтып келген. 1918-жылы кызыл гвардиячылардын катарына кирген жана Жетисуу-да Совет бийлигин чыңдоого катышкан. 1919-жылы Верный (Алматы) ш-нда командирлик курста окуган. 1919-жылы РКСМ Түркстан бюросунун президиумунун жана РКСМдин Жетисуу облустук Уюштуруу бюросунун мүчөлүгүнө шайланган. 1920-жылы Москвада өткөн РКСМдин 3-сьездинин делегаты болуп, анда В. И. Ленин менен сүйлөшүп, пикир алышкан. 1920–24-жылы партиялык жооптуу кызматтарда, 1924-жылы мартта Түркстан АССРинин Борб. аткомунун президиумунун мүчөсү жана жооптуу катчысы болуп шайланган. 1924-жылы Кара Кыргыз автономиялуу облусунун облустук партбюросунун жооптуу катчысы болуп бекитилген. 1925-жылы майдан РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, августтан Москвада РКП(б) БКнын аппаратында инструктор. 1926-жылы октябрда Кыргызстанга келип, облустук аткомдун төрагасынын 1-орун басары, 1927-жылы марттан РСФСР БАКтын мүчөсүнүн, андан кийин Бүткүл союздук БАКтын жана РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун мүчөлүгүнө кандидат, 1933-жылы сентябрда компартияга каршы аракеттенген деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган. Андан кийин Ортоңку Волга крайынын мал чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары, 1935-жылдан Оренбург облустук аткомунун жер бөлүмүнүн башчысынын мал чарбачылык боюнча орун басары болуп иштеген. 1937-жылы 10-июнда Абдрахманов контрреволюциячыл Алашордо уюмунун катышуучусу деген жалаа менен камакка алынган. 1938-жылы 5-ноябрда атылган. 1958-жылы акталган. Абдрахманов өз элинин тарыхын изилдөөчү катары Республиканын тарых илиминин өнүгүшүнүн башатында турат. Анын Республиканын тарыхы боюнча алгачкы эмгеги 1928-жылы «Кыргызстан» деген ат менен жарык көргөн. 1916-жылкы көтөрүлүш жөнүндө чындык жана акыйкат өңүтүнөн жазылган «Күндөлүгү» жана башкалар китептери белгилүү. Абдрахмановдун ысымы менен Ысыккөл районундагы айыл кеңеши (мурдагы Таштак айыл кеңеши), Бишкек шаарынын бир көчөсү аталган. Туулган айылына жана Каракол ш-нда эстелик тургузулган.

- Жусуп Абдрахманов
- Жусуп Баласагын
- Жусуп Баласагын
- Жусуп Турусбеков
- Жүгері курсовой
- Жүгері ұнынан жасалған пряниктер
- Жүзім шарап өнімдерінің шикізат көзі
- Журнальная реклама
- Журнальная реклама
- Журнально-ордерная форма бухгалтерского учета
- Журнально-ордерная форма учёта
- Журнально-публицистическая деятельность М.Е. Салтыкова-Щедрина
- Журнальные издания
- Журнал як тип видання в системі засобів масової комунікації