Айчүрөк» жана «Манас» опералардын артисттери, кыргыз акындар



Мазмуну

 

 

Кириш сөз............................................................................................................................................2

1 бөлүм. «Айчүрөк» операсы.........................................................................................................3-5

2 бөлүм. «Манас» операсы............................................................................................................6-10

3 бөлүм. Айчүрөк» жана «Манас» опералардын артисттери, кыргыз акындар.....................11-16

3.1. Маликов Кубанычбек Иманалиевич………………………………………………………....11

3.2. Турусбеков Жусуп Турусбекович…………………………………………...……………….11

3.3. Бөкөнбаев Жоомарт…………………………………………………………………………...12

3.4. Кытаев Насыр............................................................................................................................12

3.5. Касымов Эркин Өмүркулович...............................................................................12

3.6. Аманбек Нуртазин..................................................................................13

3.7.  Миңжылкиев Болот Абдылдаевич .......................................................................................................................................................13

3.8.  Жалгасынова Дарыйка........................................................................................................................................13

3.9. Сайра Кийизбаева.................................................................................................................13-14

3.10. Артык Мырзабаев................................................................................................................................................14

3.11. Молдокулова Эсенбүбү......................................................................................................................................14

3.12. Чодронов Кадырбек............................................................................................................14-15

3.13. Кайыргүл Сартбаева................................................................................................................15

3.14. Мухтаров Хусейн.....................................................................................................................15

3.15. Ашыралы Боталиев..................................................................................................................15

3.16. Жапар Садыков...................................................................................................................15-16

3.17. Куттубаев Аманкул..................................................................................................................16

3.18. Баетов Муса Баетович.............................................................................................................16

3.19. Махмутова Мариям.................................................................................................................16

Жыйынтык........................................................................................................................................17

Колдонулган адабияттар..................................................................................................................18

Тиркеме........................................................................................................................................19-26

 

Кириш сөз

 

 

Кыргыздардын легендарлуу злдик баатырларынын атактуусу – Манас. Анык ысмы менен элдик оозеки чыгармачылыктын эң бийик жеткен чети гениалдуу элдик эпос аталган. Бүгүн ал дүйнө элине белгилүү. Ошентип, «Манас» эпосу менен жеке эле кыргыздар эмес бүткүл көп улуттуу совет эли да сыймыктанышчу. «Манас» эпосу угуучуларды, китеп окуучуларды гана адабий көркөмдүгү менен эмес обону, айтуучулук, аткаруучулук, артисттик устаттыгы менен да таң калтырган. Бир сөз менен айтканда улуу эпоско оозеки адабиятыбыздагы жана элдик музыкабыздагы сулуулуктун түркүн кереметтери камтылган.

Укмуштуу улуу эпостун обонун нотага түшүрүү, жазып алуу 20-жылдардын аягынан тартып, колго алына баштайт. Музыковеддер А. Затаевич, В. Виноградов ж. б. биринчилерден болуп, эпостун обонун нотага түшүрүшөт. Ал эми 30-жылдары «Манастын» эң кызыктуу жана элге эң кеңири белгилүү болгон үзүндүлөрүнүн негизинде либреттолор жазылды. Обондору симфонияларга, операларга ж. б. жанрдагы чыгармаларга пайдаланылат.

Ушул сыяктуу эле мен да биздин опера-балет театры «Манас» эпосу жөнүндө жана аттуу Кыргыз Эл артисттер жөнүндө терең билгим келип жана башка балдарга билсин деп төмөнкүдөй маселелерди максат кылып койдум:

  • жалпы маалыматтарды билүү
  • коюлган опералардын негизин түшүнүү;
  • опера-балет театры «Манас» эпосу жөнүндө жыйноо, изилдоо иштери;
  • артисттер, акындар жөнүндө маалымат алуу.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1 бөлүм

«Айчүрөк» операсы

 

 

1939-жылдын 12 апрелинде кыргыздын музыкалык искусствосунда өзгөчө бир окуя болду. «Манас» трилогиясынын биринин негизинде жазылган «Айчүрөк» (1 с.) операсынын коюлушу эле. Ушул күн кыргыздын улуттук операсынын төрөлгөн күнү катарында белгиленип жүрөт, өзүнүн жанры боюнча ал лирикалык-патриоттук, баатырдык опералардын катарына кирери атайын музыкалык адабияттарда, басма сөз беттеринде көптөн бери белгиленип келатат.

Операнын негизин Айчүрөктүн Семетейге болгон сүйүүсүн, кыргыз элинин чет элдик баскынчыларга каршы патриоттук күрөш темасы түзөт.

Толтой менен Чынкожо согушка аттанышат. Алар Акун хандын жерине келишет. Анын ак сарайын курсоого алышат (1-көшөгө). Хандын ай десе айдан, күн десе күндөн көрктүү Айчүрөк аттуу сулуу кызы болот.

Чынкожо Акун хандан Айчүрөктү Толтойго берүүсүн талап кылат. Акылдуу Айчүрөк(2 с.) элин, жерин каардуу согуштан аман сактап калуу үчүн Толтойго аял болууга калп эле макул болот. Бирок ал тойго даярдануу үчүн 40 күн аярлап турууну суранат. Толтой менен Чынкожо буга макул болот. Айчүрөк болсо өзүнө мөөнөттөн пайдаланып, ак куу кейпин киет да, Семетейди издеп учуп жөнөйт. Ал Таласка барып, өзүнүн болочоктогу күйөөсү Семетейдин ак шумкарын уурдап качат (2-көшөгө). Ал шумкарын издеп жөнөйт да, Айчүрөк менен жолугушат. Дал ошол жерден Толтой менен Чынкожонун жоокерлери талкаланат (3-көшөгө). Акун хан эли-журтун чогултуп, Семетей менен Айчүрөктүн баш кошконуна кубанып той берет.

Опера негизинен эки темадан  турган увертюра менен ачылат. Биринчиси  башкы каарман Семетейдин лейтмотиви, Манас эпосунун сабатмалуу обонунан алынган. Ал оркестрде эрдикти сыпаттап салтанаттуу жана кубаттуу жаңырат.

Тема операда ар түрдүү түрлөрдө бир нече жолу кайталанат. Увертюранын  экинчи темасы Айчүрөктүкү. Ал не бир  назик, не бир мукам. Анын өзөгүнө  айтылуу Атай Огомбаевдин1 «Күйдүм чогу» алынган.

«Манастын» жана «Күйдүм чоктун»  обондору Семетей менен Айчүрөктүн лейтмотиви болуу менен бирге  операнын бүтүндөй музыкалык символу. Алардын биринде эркиндик, теңдик, эрдик сыпатталса, экинчисинде баштан өткөндөр баяндалат. Ал нукура лирикалык мүнөздө чечилген.

Операнын биринчи көшөгөсү элдин  тынчсызданган хору менен башталат. Анда Акун хандын жерине душмандын каптап киргени элдин туткунда калганы, «камандай болгон Толтойго» Айчүрөктү кантип беребиз деген нааразылык менен басып алуучуларга каршы тургандык айтылат. Хор унисондо созбой так ырдалат. Экинчи тактыда суроого жооп бергендей ошол эле фразаны альт жана бас партияралы аткарат. Бул жерде авторлор имитациялык өсүүнү пайдалануу элдин баатырдыгын сыпаттого жетишкен.

Башкы каарман Айчүрөктүн алгачкы музыкалык мүнөздөмөсү увертюрада берилсе, андан кийин (1-көшөгө) элдин, жердин, атасынын, сиңдисинин тагдырын ойлогон акылмандыгы ля минордун ариясында ачылат. Анын обону кайгылуу, муңдуу келип кошоктун интонациясында түзүлгөн.

Ал эми Айчүрөктүн музыкалык образы экинчи көшөгөдөгү Чачыкей экөөнүн сценасында кеңири сурөттөлөт. Ал оркестрдик киришүү менен башталат да, си бемоль минордо Айчүрөктүн лейттемасы берилет. Ал кайгылуу мүнөздө келип, Чачыкейге даттануу иретинде (3 с.):

«Айланайын эжеке, токсон күнү жөө басып,

Узун боюм пас болду, кызыл өңүм саз болду » - деп келип, Чынкожо, Толтойдун каракчылыгын баяндоо  менен Семетейден жардам сурап келгенин айтат.

Ал эми байлыкка дөгүрсүгөн Чачыкей  Айчүрөктүн өтүнүчүнө речитативдүү мүнөздөгү пунктирдик ритмдеги марш жүрүшүндөгү ороюраак ыр менен жооп берет.

Айчүрөктүн жообу пунктирдик ритмде, жогору карай кварталык секирик  менен, күчтүү динамикада берилиши анын туруктуулугун, күчтүүлүгүн, кайраттуулугун мүнөздөйт.

Семетейдин музыкалык образы негизинен баатырдык мүнөздө. Үчүнчү сүрөттөгү ариясы пунктирдик ритмде, кеңири диапазондо кайраттуу келип, бир аз ойлуу. Күтүлбөгөн жерден ак шумкарынын жоголушу аны терең ойго салат. Семетейдин образындагы лирика V сүрөттөгү ре – мажордук ладдагы арияда ачылат. Анда Айчүрөккө болгон жылуу сезим сыпатталат.

Операдагы оң каармандардын ичинен Айчүрөктүн  сиңдиси Калыйман акылдуулугу, айлакердиги жагынан эжесинен кем  калышпайт.

Семетейдин акылдашы, жакшы көргөн чоросу Күлчоронун музыкалык образы да элдик обондордун, күүлөрдүн берметтери менен шөкөттөлгөн.

Анын ариозосу, ариясы, ыры кеңири жана жумщак созулуңку мүнөздөгү жүрүштөрдө ачылат.

Операгы терс каармандар Чынкожо, Толтой, арам ойлуу Чачыкейдин музыкалык  образдары обондото сүйлөгөн декломациялык  темаларда жана көбүнчө оркестрдик каражаттарда мүнөздөлгөн.

«Айчүрөктө» оркестрге да өзгөчө көңүл  бөлүнгөн.

Операнын тез аранын ичинде элдин  сүймөнчулүгүнө ээ болуп, угуучулардын, жалпы эле каармандардын купулуна бирдей толушунун себептеринин бири, анын музыкалык сапатынын жогорку даражада экендигин асыресе белгилеп кетүүбүз керек. Анын улуттук колоритте жазылган уккулуктуу кайрыктары симфониялык татаал процестен өтүп өзүнчө күрдөөлдүү, баатырдык чоң полотнону биринчи планга алып чыгат. Ошондой эле спектаклдеги эң бир жагымдуу, кооз, жеткиликтүү, эмоционалдык жогорку бийийктикте турган музыкага ага катышуучу каармандардын жана окуянын чордону болгон мезгилдин учурун кең планда ачып берүүгө толук мүмкүнчүлүк бере алды.

Ушундан улам «Айчүрөк» жаңыдан  өнүгүп келаткан кыргыз профессионалдык музыкасынын мындан ары өрчүшүнө өбөлгө түзүү менен бирге улуттук опералык искусствонун жаралышына карата, өнүгүшүнө карата ташталган алгачкы үрөн болуп калган.

«Айчүрөк» операсын жазгандар:

К. Маликов

Ж. Бөкөнбаев

Ж. Тургусбеков

Музыкасы:

В. Власов

A. Малдыбаев

B. Фере

Режисерлор:

К. Арзиев

У. Сарбагышев

Башкы партияларда:

Семетей – Э. Касымов, А. Мырзабаев, Б. Минжылкиев.

Айчүрөк – Э. Молдокулова, К. Сартбаева.

Ахун хан – А. Муртазин, А. Мусуралиева.

Бакай – А. Абдукаимов.

Чынкожо – А. Мухтаров.

 

3 бөлүм

«Манас» операсы

 

 

«Манас» операсы биринчи жолу баатырдык-патриоттук спектакль катарында 1946-жылы сахнага коюлат. Анын либреттосун акындар А. Токомбаев, К. Маликов, музыкасын композитор В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере жазышкан. Операнын өзөгүнө эпостогу «Көкөтөйдүн ашы» алынган. Бул эпизоддо кыргыз жерине кол салган бөтөн элдин баскынчылары менен Манастын күрөшү баяндалат. Бирок спектаклдин коюучулар Манасты «ыйык» такка миңгизишип, сахнада жалаң гана феодалдык шаан-шөкөттөр менен чектелишип калышкан. Элдик, кол башчынын эпикалык образын ачууда анын өзүнө  тиешелуу болгон демократизмдик белгилерин жоготуп карапайым баатырды элден  ажыратып коюшкан. Дал ушундай кемчиликтердин кесепетинен опера сахнадан алынат.

Операнын негизин «Манас» эпосунун Көкөтөйдун ашына байланышкан окуялар түзгөн. Операнын вариантында Манастын образы демократташтырылып, элдик баатырларга айланат да, патриоттук кыймылда көпчүлүктүн ролу көтөрүлөт.

Бирок көз карандылык эмес үчүн күрөштүн, патриоттук духтун жалыны менен ширелген бул улуу эпосту сахнада дал өзундой ишке ашырууу үчүн авторлор дагы бир жолу «Манас» темасына кайрылышты. Композиторлор бул чыгарманы кайрадан редакциялап гана койбостон, либреттосундай эле музыкасынын да түп-тамырынан бери кайрадан иштеп чыгышты. Ошентип жыйырма жылдан кийин улуу эпостогу залкар образдар баштагыдан элге жеткиликтүү болуп кайрадан сахнага чыга келди.

Авторлор бул эпосту кайрадан сахналаштырууда өз алдыларына кандай максаттарды коюшкан? Өз кезегинде орустун улуу композитору М. П. Мусоргский2 «Өткөндөрдү дал өзүдөй кылып көрсөтүү менин милдетим» — деп жазган. Ал эми авторлордун бири композитор В. Фере «Биздин максатыбыз байыркы эпосто патриоттук актуалдуу теманы чагылдыруу, эркиндик үчүн болгон күрөш, башка элдик баскынчылардан элди, жерди сактап калуу үчүн кашык кан калганча күрөшүү — мына ушулар чыгармадагы эң негизги идеяларыбыз» — деп айткан.

Власов, Малдыбаев жана Ференин баштагы чыгармаларындай эле бул чыгарманын обонун Абдылас чыгарган. Ал жөнүндө, А. Малдыбаев «Чыгарманын идеясына жана андагы образдарга мүнөздүү обондорду тандоону өз алдыма. максат кылып койгомун» —дейт.

«Манаста» түздөн-түз фольклордон көчүрүп алынган музыка жок. Ошондой болсо да операнын музыкасы чыныгы элдик мүнөздө - жазылган.

Бөтөн элдин ханы Коңурбай Көкөтөйдүн ашына катышуу жөнүндөгү кабарды алгандан кийин, түркүн эл катышкан аштан пайдаланышып, кыргыздарга кол салууну чечет.

Коңурбайга дал ошондой мезгил пайдалануудай сезилет. Анткени, кыргыздардын баары аш менен алек болот. Мына ошол учурдан пайдаланып, элди чаап алууну ойлойт. Алдыдагы коркунучтуу сезген кыргыздын алты ханы Манастан жардам күтүп, кат менен чабаганчыны жиберишет. Чабаганчы жаш Айдар жел жетпес күлүгү менен баатырга катты жеткирет. Манас жаман кабарды уккандан кийин алты ханга жардам берүүнү чечет. Баатырдын өмүрлөшү Каныкей Манаска жана анын акылман кеңешчиси Бакайга салтанаттуу түрдө кылыч тапшырат. Бул салтанаттан кийин жеңилбес кол башчынын жоокерлери сапарга аттанышат. Ал эми Коңурбай болсо өзүнүн баскынчылык согушун баштап, тынч жаткан айылды талап, элди туткунга алат. Жеңил жеңишке жетишкен Коңурбай өзүнүн жоокерлери менен сайрандап жатканда Манастын жоокерлери басып кирет. Коңурбай кытмырлык кылып баатыр Манастан кечирим сурайт.

      Элдик оюн-зоок башталат. 

Кезек балбандарга келет. Коңурбайдын алп Жолою менен Кошой күрөшөт. Жүрөк титиреткен бул кармашта Кошой жеңип чыгат. Албууттанган Коңурбай той-тамашадан кетип. Бирок, ал күтүлбөгөн жерден кыргыз элине кайра кол салат. Душмандын арамзалыгы капыстан кол салышы кыргыз баатыр шашкалактаткан жок. Согушта кайрадан душман талкаланат.

Композиторлор «Манас» операсына элдик обондорду, күүлөрдү тек гана башталышындагы алгачкы интонациялык бөлүкчөдө пайдаланышкан. Авторлор дал ошол алгачкы элдик темага элдик ырлардын бурулуштарына, мүнөздүү белгилерине таяна отуруп, алар өздөрүнүн жагьмдуу жаңы обондорун жаратышкан. Биз ошол жаңы чыгарманын, башкача айтканда, кайрадан иштелип чыккан «Манас» операсынын музыкалык өзгөчөлүктөрүнө токтолмокчубуз.

Композиторлордон эки көз караштагы, эки элдин кандуу кагылыштарындагы эпикалык ойду музыка аркылуу берүүдө ар түркүн композициялык ыкмалар, музыкалык эпикалык формалар талап кылынды. Операда эң негизги орунду элдик хорлор ээлейт. Мына ошол хорлордун жардамы аркасында гана чоң картинаны тузүүгө эпикалык зор алыш таштоого жетишилген. Хордук сценаларда элдин турмушунун ар түрдүү мезгилдери көрсөтүлгөн.

Чыгарманын экинчи лирикалык көрүнүшү да бирдей тең өнүгөт. Алсак, жаш баатыр Сыргактын Кошойдун кызы Канайым сулууга болгон сүйүүсү баяндалат. Операнын башкы оң каармарындай эле Сыргак да өз кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын жогору койгон, бүткүл эмгегин калкка арнаган баатыр. Анын сүйгөнү Канайым да өз элин ойлогон камкор, акылга бай.

Бул эки жардын образы операда эң бир ажарлуу жана угумдуу музыка менен сүрөттөлгөн. Элдин өздөрүнүн улуу баатыры, даңктуу Манасты куттуктаган дагы кубанычы ашык жарынын обону менен берилген.

Элдик душманды жек көрүүсү, адилеттүүлүк үчүн күрөшүү Манастын жоокерлери душманга жүрүшкө аттанарда ырдаалуучу ырда, акырында ал жоокерлердин салтанаттуу анты, Ата-Журттун гимни катарында жаңырат.

Операнын эң башкы жана эң негизги фигураларды болгон Манас менен Каныкей эл менен ажырагыс байланышта. Аларды бир гана жалпы иш – киндик кесип, кир жууган жерди сырткы душмандардан коргоого бириктирип турат. Манас турбаса баатыр жана кол башчы, кубаттуу натура. Анын кайраттуулугун, эр жүрөктүүлүгүн, мээрбандуулугун, туруктуулугун өзгөчө белгилей отуруп, композиторлор баатырдык образды түзүшкөн.

Манас бир нече темалар аркылуу мүнөздөлөт. Алсак, анын увертюрасынын биринчи темасы, ал кийин Манастын ариясында жана кылыч тапшырган сценада жаңырат. Ал ар дайым Манастын сахнага келишин коштоого алат.

Ушундай эле увертюранын марш түрүндөгү экинчи темасы да опера бүткөнгө чейин бир нече жолу жаңырат. Ал Манастын кырк чоросунун лейтмотиви. Бул темада Манас тикеден-тике байланышкан. Манас адам акылы таң калган эр жүрөк жана жаратылыштан улуу күчкө ээ болгон баатыр гана эмес, ал таланттуу кол башчы жана келечекти көрө билген акылман. Жеңилбес кырк чоро Манас тарабынан ар түрдүү, ар кандай элден тандалып алынган баатырлар. Алардын ичинен ак пейил, чын дили менен Манаска чоро болгон бөтөн элдин баатырларын да жолуктурабыз. Алсак, Манаска кан-жаны менен берилген казак, өзбек ж. б. элдердин жигиттеринин кездештиребиз. Ушундай ар түрдүү улуттан кошулган чоролордун бир гана максаты – басып алуучуларга, көз карандылыкка каршы күрөшүү, бүткүл аракети менен жеңишке жетүү. Элдердин дал ушундай улуу достугунун күчү, Манастын такыр жеңилбестиги мына ушунда.

Манастын дагы бир темасы алгачкы жолу прологунда угулат. Ал токтоо, эң бир ишендиргич (уккулуктуу) обон. Мына ошондон жалтанбас кайраттуулук жаңырат. Манастын күчү Ала-Тоонун аскасындай бекем экендиги айгинеленет.

Манастын образындагы негизги кемчилиги анын статикалуугу болуп саналат. Манас чындыгында эле улуу фигура жана анын эрдиги аны улуу кылып көрсөтүүгө татыктуу. Бирок, анын улуулугу жана татыктуулугу чектелип калгандай. Ал эми музыкада Манас аз кыймылда болуп калган. Биз аны бир гана Манастын ариясынын темасы менен монологунан байкайбыз. Прологдогу биринчи ария «мээлүүн, токтоо» (модерато транкилло), үчүнчү сүрөттөгү ария – «оор салмактуу» (граве), Манастын кылыч менен берген анты – «токтоо» (транкилло), бир гана баатырдын өз жоокерлерине кайрылуусу марштык мүнөздө жазылган.

Каныкей Манаска татыктуу жар. Анын образы – айкөлдүгү, акниеттүүлүгү менен айырмаланат. Айрыкча, Манаска анын кылыч тапшырышында бул образ ачык-айкын ачылат. Жетинчи сүрөттө Семетей туулганда Кошой баатыпдын наристеге бак-таалай тилеген мезгилинде Каныкей өтө эле сүйкүмдүү, аял затына тиешелүү болгон бөтөнчө сапаттарга ээ болуп көрүнөт. Ал эми эки жаш ашыктар айдай сулуу Канайым менен баатыр Сыргак ачык обондуу (уккулуктуу) музыка менен мүнөздөлгөн.

Музыкалык драматургиялык контраста терс каарман Коңурбайдын образы кошо жүрөт. Авторлор анын өзүнө тартуучу мүнөзүн, күчүн жана темпераментти бөтөнчө кылып берүүгө аракеттенишкен. Бирок кыргыздардын моралдык артыкчылыгын жогору коюу өзгөчө баса көрсөтүлгөнү Манас менен Коңурбайдын образын салыштыра караганда байкалат. Коңурбай операда согушуунун ыгын жакшы билген, нары каардуу, нары айлакер катары берилген. Ал өтө коркунучтуу душман. Бирок Коңурбай бийликти ушунчалык каардуулук, кылычтын мизи менен кың эттирбей коркунучта кармап турууну көксөйт. Анын бүткүл ой-дили «Манас жана бүткүл Талас менин чеңгелимде болсо» деген кара ниет арамза ойдо болгон. Ал эми Манаста болсо Ата-Журттун камылгасынан башка эч кандай ой-санаа жок. Анын бир гана максаты Ата-Журтту душмандан сактоо, анын атакдаңкын чыгаруу. Ал эми Коңурбайга андай нерселер жок жана болууга да мүмкүн эмес.

Музыкада Коңурбайдын стихиялык күчү, жырткычтык кылык жоругу, текебердүүлүгү туура чагылдырылган. Коңурбайдын дал ушундай жагын анын бир октава төмөн түшүрүлгөн лейтмотивдүү темасы да мүнөздөйт.

Авторлор терең улуттук образдарды түзүш үчүн элдик музыкага кайрылышкан. Аларды кеңири жана ар түрдүү кылып пайдаланган. Операда турган турпаты менен алынган элдик обондор жок. Бирок композиторлор элдик музыканын мүнөзүн берүүгө жетишкен.

«Манас» операсынын алгачкы премьерасы 1966-жылы апрель айында болгон. Аны мамлекеттик сыйлыктын лауреаты СССРдин жана Казак ССРинин эл артисти, профессор В. Захаров менен Кыргыз ССРииин эл артист А. Куттубаев коюшкан. Операнын башкы каармандары Манасты К. Чодронов, Каныкейди — С. Кийизбаева, Кошойду – Р. Жумабеков, Бакайды — И. Илеев,   Сыргакты — С. Токтоналиев,   Канайымды – И. Деркенбаева, Коңурбайды – X . Мухтаров аткарышкан. Ал эми операны К. Молдобасанов дирижерлойт. «Манастын» декорациясын СССРдин эл сүрөтчүсү В. Арефьев көркөмдөйт. Операдагы хордун элге жетимдүү болушу үчүн Кыргыз ССРнин эл артисти, башкы хормейстер С. Юсупов да белсемдүү эмгектенет.

  «Манас» операсы көп улуттуу советтик көрүүчүлөрдүн сүйкүмүнө алынды. Кыска гана мөөнөттүн ичинде «Манас» операсы Москванын, Ленинграддын, Ташкенттин ж. б. шаарлардын музыка сүйүүчүлөрүнө тартууланды. Бейтааныш көрүүчүлөр операнын музыкасы, чыгарманын камтыган окуясы, аткаруучулары жөнүндө өздөрүнүн баалуу ойлорун ортого салышты.

1970-жылы композиторлор А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере «Манас» операсынын музыкасы, ал эми Кыргыз ССРинии эл артисти А. Куттубаев операны койгондугу үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болушту. Бул более операнын элдин сүйүктүү чыгармаларына айланганын айгинелейт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3 бөлүм

Айчүрөк» жана «Манас» опералардын артисттери, кыргыз акындар

 

 

Бул эмгегин кыргыздын опералык искусствосуна кийриген зор салымы катарында коомчулук терең белгилеп, жалпы эле бул чоң коллективдердин зор ийгилиги катарында баалаганы закондуу көрүнүш эле. Алар кыргыз элинен атагы чыккан артистер.

 

 

3.1. Маликов Кубанычбек Иманалиевич

 

Маликов Кубанычбек Иманалиевич (4 с.) - кыргыз совет акыны, Аламүдүн районундагы Үч-Эмчек айлында 1911 жылы туулган. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Кыргыздын улуттук тунгуч «Айчүрөк» операсынын либреттосун, «Манас» операсынын либреттосун жазган. Ата - Мекендик согуш алдында «Сейтек» либреттосун жазган. К. Маликовдун мектеп жашындагы балдарга арналган «Манастагы элестер» аттуу китеби бар. «Манас» менен байланыштуу көптөгөн макалдардын автору. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу3, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

 

 

           3. 2. Турусбеков Жусуп Турусбекович

 

Турусбеков  Жусуп Турусбекович (5 с.) – кыргыз совет акыны жана драматургу,Тоң районунун Көк – Сай айылында 1910ж. туулган. Ата-энесинен эрте ажыраган. 1921-жылы Түптөгу айыл чарба техникумунан окуп жүргөн жеринен 1928 – жылы Фрунзеге келип, «Эркин – тоо»   газетасына ишке орношкон.

Ал кыргыз элинин адабий бай мурасын изилдеп, пропагандалоого зор күч   жумшаган. Кыргыздын тунгуч операсы «Айчүрөктүн» либреттосун жазган.

Ж. Турусбеков «Ардак   Белгиси» ордени менен сыйланган .

 

 

 

3.3. Бөкөнбаев Жоомарт

(1910-1944)

 

Бөкөнбаев Жоомарт (6 с.) – кыргыздын совет доорундагы чыгаан акыны, кыргыз совет жазма адабиятынын баштоочулардын бири жана драматургу. Кыргызстандын Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Мазар-Сай кыштагында туулган. 1924-1926-жылы «Көк- Арт» балдар үйүндө тарбияланган. Фрунзедеги педтехникумду (1931ж.), Москвадагы Коммунисттик университетинин журналистика бөлумун (1935ж.) бүтүргөн,

Бөкөнбаев «Манас» эпосунун экинчи бөлүмүнүн окуяларынан Аалынын жазылган «Айчүрөк» операсынын либреттосун Ж.Турусбеков К. Маликов менен биргелешип жазган. Бөкөнбаев «Манас» эпосу боюнча кинофильм тартууга камылга кылып жүрүп каза болгон. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

 

 

3.4. Кытаев Насыр

 

Кытаев Насыр 1917-жылы Аламүдүн районундагы Кой-таш айылында төрөлгөн, кыргыз ССРинин эл артисти. Москвадагы Луначарский атындагы театр институтунун актердук факультетин бүткөн.

Кытаев «Манас» операсынан Кошойдун партиясын чеберчилик менен аткарган. Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» спектаклинде Тазбайматтын ролун ойногон. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

 

 

3.5. Касымов Эркин Өмүркулович

 

Касымов Эркин Өмүркулович (7 с.) 1941 – жылы Аламүдүн районунун Орок айылында туулган, опера ырчысы,  драмалык   баритон.

Кыргыз ССРинин эл артисти, Абдылас Малдыбаев атындагы    сыйлыктын    лауреаты. Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында эмгектенип келе жатат. «Манас» операсынан Манастын, «Айчүрөк» операсынан бир нече партиясын аткарган .

3.6. Аманбек Нуртазин

 

Аманбек Нуртазин 1939-жылы Казакстандагы Жамбыл областынын Курдайдагы Кеңеш айылында туулган. Жаштардын жана студенттердин бүткүл дүйнөлүк 6-фестивалына катышып лауреат болгон. «Айчүрөк» операсында Күлчоро, Акун кандын, «Манас» операсында Сыргактын ролун аткарган.

 

 

3.7. Миңжылкиев Болот Абдылдаевич

 

Миңжылкиев Болот Абдылдаевич – опера ырчысы, 1940-жылы Фрунзе шаарында туулган.. Профессор СССРдин Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгын лауреаты. Миландагы Ла-Скала театрынын устаттары Барра жана Мерилиниден таалим алган. Тулузада 1971-жылы, Софияда 1973-жылы эл аралык конкурста баш байгени жеңил алган. 1975-жылы СССРдин Чоң театрынын группасына кошулуп АКШга гостролго барган. «Манас» эпосунан Коңурбайдын, «Айчүрөк» операсынан Семетейдин партиясынын партиясынын ачып берген ырчы.

 

 

3.8. Жалгасынова Дарыйка

 

Жалгасынова Дарыйка 1941-жылы Киров районундагы Чолпонбай айылында туулган. Кыргыз ССРинин эл артисткасы. «Айчүрөк» операсындагы татаал образдын бири Калыймандын, «Манаста» Канайымдын партиясын ачып берген.

 

 

3.9. Сайра Кийизбаева

Сайра Кийизбаева 1917-жылы Токолдош айлында туулган. СССРдин, Кыргыз ССРинин эл артисткасы. Чыгармачылык ишмердигин кыргыз музыкалык драм театрында 1936-жылы баштаган. «Айчүрөк» операсында Айчүрөктүн, «Манас» операсында Каныкейдин партиясын чеберчиликте аткарган.

Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу, «Ардак белгиси» ордендери менен сыйланган.

 

 

3.10. Артык Мырзабаев

 

Артык Мырзабаев 1930-жылы Бишкектеги Кызыл-Аскер айылында туулган, СССРдин эл артисти. Кыргыз Мамлекеттик опера жана балет театрында солист. Мырзабаев кооз тембрлуу, вокалдык техникага бай артист. Ал «Айчүрөк» операсынан Семетейдин партиясынан аткарган. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

 

 

3.11. Молдокулова Эсенбүбү

Айчүрөк» жана «Манас» опералардын артисттери, кыргыз акындар